2025-жылдын 1-сентябрында Ош технологиялык университетинде салттуу түрдө жаңы окуу жылынын башталышына арналган Билим күнү белгиленди. Иш-чарага университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана ата-энелер катышты.
Салтанаттуу иш-чараны ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев ачып, жаңы окуу жылында студенттерге ийгиликтерди каалады. Ал билим менен илимдин өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанисин белгилеп, жаштарды заманбап билим алып, коомго өз салымын кошууга чакырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө биринчи курстун студенттери өз адистиктерине бөлүнүп, институт жетекчилери жана окутуучулар менен таанышышты. Аларга окуу процесси жана студенттик жашоо тууралуу маалымат берилди.
Белгилей кетсек, ОшТУ кабыл алуу көрсөткүчү боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинен эң алдыңкы беш университеттин катарына кирди. Бул көрсөткүч студенттердин университетке болгон ишенимин жана билим сапатынын жогорку деңгээлде экенин айгинелейт.
Салтанат концерттик программа жана маданий иш-чаралар менен коштолду.