Ош технологиялык университетинин дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан англис тили жумалыгынын алкагында интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.
Иш-чара “Санариптик эртең” деп аталып, ага 1-курстун төрт багыты боюнча окуган студенттер катышты. Таймаштын негизги максаты — студенттердин англис тилинде сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү, критикалык ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү жана өз адистик багытында презентация жасоо жөндөмдөрүн жогорулатуу болду.
Командалар:
1. Eco Bite
2. Tech Storm
3. Money Talks
4. Fashion Makers
Таймаш төрт этаптан туруп, ар бир тапшырма 10 баллдык система менен бааланып, жыйынтыгында мыкты көрсөткүч көрсөткөн командалар грамота жана белектер менен сыйланышты.
Дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган бул иш-чара студенттердин потенциалын ачып, келечекке болгон көз карашын кеңейтүүгө чоң өбөлгө болду.