Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндөгү Жарлыктын алкагында республикалык ЖОЖдор аралык студенттер арасында мамлекеттик тил боюнча олимпиада уюштурулган. Олимпиаданын 1-туру Улуттук университеттин Ош шаарындагы филиалында Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарындагы ЖОЖдордун 1-2-курстун студенттеринин катышуусунда “Мыкты котормо” жана “Мыкты тил билги” номинациялары боюнча өткөрүлдү.
Ош технологиялык университетинен аталган номинациялар боюнча 6 студент (3топ) катышып, экономика жана башкаруу институтунун ИТвУА-1-24 тайпасынан Абитов Нуркелди жана индустриалдык-педагогикалык институтунан КЛ-1-24 тайпасынын студенти Чырмашова Аруукеден турган 1-топ “Мыкты котормо” номинациясы боюнча 1-орунду алып, республикалык олимпиаданын финалдык туруна жолдомо алды. Олимпиаданын катышуучуларын мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы ф.и.к. Ж.К. Айтибаева жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн адиси Г.А. Максутова даярдап, жетектеп барышты.
Университеттин намысын коргогон олимпиаданын женүүчүлөрүн куттуктайбыз. Финалдык турда да ийгилик жаратуусун күтөбүз.