Ош технологиялык университетинде табигый-гуманитардык илимдер борборунун коомдук илимдер кафедрасы тарабынан И. Раззаковдун 115 жылдыгына жана Улуу жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Кыргыз ССРи 1940-1960-жылдарда…” аттуу тегерек стол уюштурулду.
Аталган тегерек столду ОшТУнун илим жана иновация боюнча проректору Н.Т. Танаков ачып берип, И.Раззаковдун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымына токтолду.
Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, коомдук илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
ОшТУнун сырткы байланыштар боюнча проректору А.Т. Акматалиев, архитектура жана курулуш институтунун директору М.Д.Шабданов жана ОшТУнун доценти З.М. Абдыразаковалар сөз сүйлөп, иш-чаранын маани-маңызы боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан кызыктуу баяндамалар жасалып, суроо-жооп, талкуулар менен коштолду.
Жыйынтыгында электрондук суроолорго активдүү жооп берген студенттер Ардак грамота жана дипломдор менен сыйланышты.