ОшТУнун экономика жана башкаруу институтнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору Р.Мырзаибраимов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин «Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борборунун кезектеги илимий-методикалык семинарына барып, “Илимий изилдөөлөрдүн сандык жана сапаттык методдору” деген темада интернет ресурстарынын жардамында интерактивдүү методдорду колдонуу менен мастер-класс өтүп келди.
Р.Мырзаибраимов статистикалык анализ тууралуу маалыматтарды берип, андан динамикалык анализди көбүрөөк колдонорун практикалык мисалдар менен көрсөтүп берди. Андан кийин ANOVA – бир факторлуу дисперсиялык анализ тиркемесин колдонуп, илимий изилдөөлөрдүн расчетторун эффективдүү алуунун усулдарын үйрөттү.
Борбордун мүчөлөрү ар бири өз алдынча иштеп, практикалык көндүмдөргө ээ болушту жана тренер Р. Мырзаибраимовго терең ыраазычылыктарын билдиришти.