Бүгүн ректор Ж. Ж. Турсунбаев Ош технологиялык университетине Түштүк Кореядан келген ыктыярчылардын тобун кабыл алды. Бул ыктыярчылардын тобу “Жаңы Ош” деп аталып, 5 адамдан турат, аларды Choe Yuna жетектейт.
Бул ишмердүүлүк – “Жаш ыктыярчылардын долбоору” деп аталып, 2024-жылдын сентябрь айынан башталып, 2026-жылга чейин созулат.
Аталган ыктыярчылар бул долбоордун алкагында ОшТУнун технология жана жаратылышты пайдалануу институтунда экология кафедрасы үчүн экологиялык окуу борборун түзүшөт, ОшТУнун аймагында ландшафт чөйрөсүн жакшыртуу боюнча иштешет, университеттин студенттери үчүн айлана-чөйрөнү коргоонун зарылчылыгы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатышат, экологиялык билим берүүнүн базасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн мугалимдер үчүн педагогикалык билим берүү боюнча иш алып барышат жана университеттин “Орус тили жана славян маданияты борборунда” кошумча орус тилин окуп үйрөнүшөт.