Ош технологиялык университетинде индустриалдык-педагогикалык институту тарабынан ата-энелер менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул иш-чарага компьютердик лингвистика, кесипке билим берүү технологиясы, колдонмо математика жана информатика кафедраларында билим алып жатышкан бардык курстун студенттеринин ата-энелери катышты.
Иш-чараны ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов ачып берди. Институттун директору У.К. Абдалиев университет менен ата-энелердин жана студенттердин өз ара байланышындагы негизги аспектилерди белгилеп, билим берүү процессиндеги бирдиктүү иш-аракеттердин маанисин түшүндүрдү. ОшТУнун укуктук иштер бөлүмүнүн башчысы Ч.К. Камалов коррупцияны алдын алуу иштери боюнча кеңири түшүнүк берди. Институттун окуу иштери боюнча директордун орун басары Акбарали кызы Анзирет студенттердин катышуу, жетишүү жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө айтып берди.
Ата-энелер менен жакындан кызматташып, алардын пикирин угуу максатында уюштурулган саамалыкта билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана студенттин билим алуусуна таасир эткен факторлор – ата-эне, коом, чөйрө жана окутуучулар ортосунда билим берүүдөгү жана алуудагы бир топ маселелер боюнча кеңири талкуу жүрүп, ата-энелер, окутуучулар тарабынан ар тараптуу ой-пикир, сунуштар айтылды.
Ошондой эле иш-чаранын соңунда институт тарабынан мыкты окуган үлгүлүү студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды.