ОшТУнун окутуучулары ф.и.д.,профессор Атакулова Мерим, ф.-м.и.к., доцент Маматкасымова Алийма, т.и.к., доцент Турдубаева Жылдыз “Ойлоп табуудагы, илимдеги креативдүү индустрияда жана ишкердиктеги аялдар” аттуу эл аралык форумга катышып келишти. Аталган форумда профессор Атакулова Мерим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган «Илимдеги, ойлоп табуучулуктагы жана инновациядагы аялдардын образы» конкурсунун «Окумуштуу аял» номинациясынын жеңүүчүсү деп табылды.