ОшТУнун жеңил-өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын костюм жана текстиль искусствосу жана жеңил өнөр-жай буюмдарынын технологиясы багытында билим алып жатышкан студенттер Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарындагы Фергана политехникалык институтуна практикага барышты. Студенттер менен биргеликте жеңил өнөр-жайынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу, ОшТУнун практика башчысы М. К. Ибраеванын жетекчилиги менен эки окуу жайдын ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык Фергана шаарында болушту. Алгач ОшТУдан барган топ Фергана политехникалык институтунун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышкан соң институттун өндүрүштүк ишканаларына барып, практикадан өтүштү.
ОшТУда Лиссабон университетинин профессору эл аралык семинар өттү
Ош технологиялык университетинде Бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы тарабынан ишке ашырылып жаткан Эразмус+ долбоорунун алкагында Португалиянын ТОП 500гө кирген...











