Ош технологиялык университетинде 10-ноябрь бүткүл дүйнөлүк Илим күнүнө карата илимий иш-чара өткөрүлдү. Илимий жыйынга университеттин жалпы жамааты, КР УИАнын өкүлдөрү, Кыргызпатенттин өкүлдөрү, жаш илимпоздор жана студенттер катышты. Окуу жайдын ректору Ж. Ж. Турсунбаев Илим күнү менен жалпы жамаатты куттуктап, илимий иштерине ийгиликтерди каалады. Иш-чаранын алкагында учурдун негизги талабы болгон илимий изилдөөлөр боюнча докладдар окулду. Университеттеги илимий жетишкендиктерге ээ болгон профессордук-окутуучулук курамга, жаш илимпоздорго Ардак грамоталар тапшырылды.
Ош технологиялык университетинин жалпы жамааты көптөгөн жылдардан бери кыргыз илиминин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келишет. Техника жана технология багытындагы бир канча илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, бир эле биздин өлкөнүн өнүгүшүнө эмес башка чет мамлекеттерде дагы биздин илимий кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн тажрыйбалар колдонулууда. Ош технологиялык университети азыркы учурда эл аралык деңгээлдеги бир топ илимий долбоорлордун катышуучусу катары дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Илим күнүнө арналган иш-чара ОшТУнун маданий эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.