Окурмандарыбызга толук маалымат, талдоо берүү максатында коомчулукту, ата-энелерди тынчсыздандырып жаткан мектепте 12 жылдык билим берүү системасыны күңгөй-тескейи жөнүндө педагогика илимдеринин доктору, профессор, Ош технологоиялык университетинин мамлекттик тил кафедрасынын башчысы Азиза Саттарова менен маекти сунуштайбыз.
– Азиза Тешабаевна, мектепти 12 жылдык окутуу системасына өткөрүү коомчулукту, өзгөчө ата-энелердин тынчсыздануусун жаратты. Билим берүү тармагынын өкүлү жана көп жылдардан бери мектеп ишин жакындан билип, изилдеп жүргөн адис катары айтсаңыз 12 жылдык билим берүүнүн мааниси эмнеде? Эмне үчүн бул системаны тандоо менен азыркы билим берүү системасына толук өзгөртүү киргизилип жатат?
– Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга коом чоң назар салып карап турат. Учурдагы Билим берүү жана илим минстрлигиндеги пландалган жаңы долбоорлор өлкөнүн көңүл чордонунда турат. Алардын бири 12 жылдык билим берүү системасына өтүү. Мындай реформалар көп жылдык изилдөөлөрдөн жана дүйнөлүк көзөмөлдөө системасынан өткөндүктөн, өз натыйжаларын берүүгө тийиш.
Бул биринчиден, мектеп окуучуларынын чыгармачылык жактан өнүгүшүнө, алардын инсандык калыптанышына өбөлгө түзөт.
Экинчиден, дүйнөлүк билим берүү системасындагы заманбап квалификациялуу адистердин көбөйүшүнө негиз болот.
Үчүнчүдөн, мугалимдердин өз тармагына болгон жоопкерчилигин жогорулатууда окуучу менен мугалимди чыгармачылык бир нукка салат. Бул жаңы система толугу менен дүйнөлүк тажрыйбанын сынынан өткөндүктөн, билим берүү системабызга тереңдеп кирип, оң натыйжаларды берет.
Төртүнчүдөн, жаңы системаны өздөштүргөн окуучу түз эле келечектеги кесибине багыт алат.
12 жылдык билим берүү системасынын эффективдүүлүгүнүн негизи – квалификациялуу мугалим. Себеби, окуучу мугалимдин айтканы менен чектелбей, өзүн андан ары алып кете турган деңгээлге жетиши керек. Ал үчүн ар бир мугалим окуучулардын талабына жооп берип, жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтсө, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу оңой болот.
21-кылымдын акылдуу жаштарын жаңыча ой жүгүрткөн, башкача система менен тарбиялоо бүгүнкү күндүн башкы талабы экенин эске алсак, бул өзгөрүүлөр сөзсүз түрдө толук колдоого алынат.
12 жылдык окутуу системасына өтүүдө дагы бир маанилүү фактор европалык жогорку билим берүү системасы 12 жылдык билим берүү стандарттарында иш алып барат. Чет жакта окугусу келген айрым балдарыбыз Кыргызстандагы ЖОЖдо 1-курсту окуп андан соң гана чет жакка окууга тапшырууга мүмкүндүк алууда. Бул бир топ ыңгайсыздык жаратаары бышык. Андан көрө мектептерибизди эл аралык стандарттарга ылайыктап балдарыбызга ыңгайлуу шарт жаратканыбыз оң.
Дагы бир эске алчу жагдай жаңыланган окутуу системасынын программаларын түзүүдө мектептин бүтүрүүчү класстарында кесипке багыт берүү көбүрөөк камтылышы керек. Анткени биз буга чейин фундеманталдык билимдерге көбүрөөк көңүл буруп, жаштар кесибин тандоодо даяр чечимге ээ болбогон учурлар арбын кездешчү.
– Жаңыча окутуу системасына өтүүдө алдыда эмнелер жасалышы зарыл деп ойлойсуз жана конкретүү кандай жыйынтык ала алабыз?
– Эң маанилүү кадамдардын бири – бардык окутуу программаларын жаңылоо, базаны жакшыртуу, мугалимдерди кайра даярдоо, жаңы типтеги баалоону киргизүү. Ал эми анын чыныгы жыйынтыгын жаңы билим берүү системасына өтүү менен биле алабыз. Албетте, алгач жаңы демилгеге каршы ата-энелер аз болбой жатат. Республиканын Билим берүү жана илим министрлиги мындай жооптуу кадамды шашылыш кабыл алды деп айтууга болбойт. Бул мурдатан пландалып келе жаткан көрүнүш. Демек, тынчсызданууга эч кандай негиз жок. Жаңы системанын негизги маңызын мамлекет башчысы Садыр Нуркожоевич Жапаров да колдоп жатат.
Эгерде биз 12 жылдык билим берүү системасына өтпөсөк биздин билим берүү системабыз төмөнкү талаптарга жооп бере албайт:
1.Интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмү бар окуучунун тарбияланышына;
3.Чыныгы билимди баалоо системасына;
4.Окутуунун заманбап технологияларына.
5.Чыгармачыл ыкмаларга.
12 жылдык билим берүү системасы толугу менен ишке киргенде БИЛИМ БЕРҮҮ тармагында төмөндөгүдөй жыйынтык болот:
1.Мугалимдердин жогорку педагогикалык статусу мындан да жогору болот;
2.Мектепти аяктоо менен бир кесиптин ээси боло алат;
3.Көп баллдык системанын аркасында баа үчүн окуу жоюлат;
4.Мектептен кийин жаңы жашоого даяр, кесибин так билген окуучу даярдалат;
5.Маалыматтык технологияларды жакшы өздөштүргөн жаштар тарбияланат.