16-март күнү Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети биргелешип уюштурган интерсивдүү тренинг болуп өттү.
Тренинг жалпы ЖОЖдордун басма сөз кызматкерлерине арналып, иш чара Билим берүү жана илим министри Докдуркүл Кендирбаева, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин деканы Сезаи Мехмет, спикерлер жана 7 дубандан чогулган кызматкерлердин катышуусунда өттү.
Интенсивдүү тренингде -“Кантип мыкты PR текст жазса болот?”;
– “Кабар жазуу техникаларында жана кабар жазуудагы жаңы тренддер”;
– “PR текст ЖОЖдор үчүн”,
– “Стоп эфир! Эфирде кандай алып жүрүү керек?”,;
– “Социалдык медианы өздөштүрүү, контент жана стратегиянын негиздери” темалар боюнча сессиялар өтүлдү.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Үмөталиева “Кризис, коркунучпу же мүмкүнчүлүкпү? Кризис маалынданы коммуникация” деген теманын алкагында баяндамасы билим берүү саясатындагы оперативдүүлүк жана тактык тууралуу маалымат берди
Соңунда жалпы катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, университеттин “Медиа Манас” борборуна саякат уюштурулуп, катышуучулар студиянын заманбап жабдууларды жеринен маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.