Ош технологиялык университети магистратура, бакалавр жана орто кесиптик билим берүүнүн 5 адистиги боюнча Аккредитация, рейтинг жана тастыктоочу көз карандысыз институту – Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча алдыңкы аккредитациялык агенттиги тарабынан аккредитациядан өттү.
Аккредитация 2024-жылдын 4-5-март күндөрү аталган агенттиктин эксперттик комиссиясы тарабынан жүргүзүлдү.
Аккредитациялоонун жүрүшүндѳ эксперттик топ окуу жайдын материалдык-техникалык базалары менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүшүп, аккредитациялык талаптардын аткарылышына жооп алды.
Жыйынтыгында Аккредитация, рейтинг жана тастыктоочу көз карандысыз институту – Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча алдыңкы аккредитациялык агенттиги кеңешинин чечими менен магистратура, бакалавр жана орто кесиптик билим берүүнүн 5 адистиги боюнча 5 жылдык мөөнөт менен аккредитациядан ийгиликтүү өттү.