Ош технологиялык университетине Түштүк Кореянын Кодже университетинин механикалык инженерия факультетинин башчысы доктор Шин Донг Чхоль баштаган делегация иш сапары менен келди.
Келген конокторду ОшТУнун ректору Ж.Ж. Турсунбаев кабыл алып, эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууда студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, эки тараптуу кызматташуу келишими түзүлдү.
Маалымат үчүн, учурда ОшТУнун алдында ачылган Сежоң борборунда 100дөн ашуун студент корея тилин үйрөнүп, билим алууда.