Ош технологиялык университети Баткендеги Кадамжай сурма комбинаты жана Айдаркен шаарындагы сымап комбинаты менен кызматташат. Бул максатта аталган ишканалардын инвестору Түркиядан келген “Дуваташ” компаниясынын башкы директору Малики Эждер Гурсой ОшТУга иш сапар менен келди.
Малики Эждер Гурсойду ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев кабыл алып, бир канча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушууда студенттердин илимий-изилдөө иштерин жана окуу процесстерин жүргүзүү, практикалык-лабороториялык жумуштарды жасоо боюнча макулдашылды.
Иш берүүчүлөр ар бир багыттын өзүнө тиешелүү болгон кафедра башчылары жана окуу бөлүмү менен жолугушуп, азыркы замандын талабына жооп берген адистердин тартыштыгын айтып, адис даярдоодо өндүрүш менен биргеликте иш алып барыларын белгилешти. Ошондой эле, кесипкөй адистер студентерге атайын сабак өтүп бермекчи болушту.
Аталган ишканаларда студенттерге практикалык сабактарды өтүү менен бирге жумуш менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү. Студенттер окуу жайдан алган теориялык билимин өндүрүштүк практика менен айкалыштырышат.
ОшТУнун окуу бөлүмүнүн карьера борбору студенттерди практикага жөнөтүү жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу боюнча көптөгөн программалар менен иш алып барып, студенттерге жагымдуу шарттарды жаратууда.