Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Бишкек филиалынын директору Шейшенов Жамин Орозбекович биздин окуу жайга иш сапар менен келип кетти. Жамин Орозбековичти университеттин ректору Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып илим, билим берүү жана кадрларды даярдоо боюнча талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки окуу жайдын мындан ары кызматташуусунда бир канча багыттар боюнча келишимдер түзүлдү.
Жергебизде “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында бир топ иш чаралар аткарылып жаткандыктан ОшТУнун короосуна өнөктөш мамилелердин башталышынын символу катары павловния дарагын отургузушту. Эки окуу жайдын жетекчилери биргелешип отургузган бул дарак келечекте окуу жайлар аралык мамилелердин өнүгүүсүнүн белгиси болуп калмакчы.
ОшТУдагы Корея борборундагы ишмердүүлүк менен таанышып чыгып, мындагы түзүлгөн шарттар боюнча өзүнүн жылуу пикирин билдирди. Бул борбордо ОшТУнун студенттери сабактан кийин кружокторго катышып, корея, англис жана кытай тилдерин акысыз үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.