Ош шаарынын жогорку окуу жайлардын жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери арасында «Ден соолук» Спартакиадасы башталып, бүгүн оюндун үчүнчү күнү. ОшТУнун агайлар командасы улуттук тогуз коргоол оюну боюнча 1-орунга ээ болду. Ал эми эжекелер командасы тогуз коргоол оюну боюнча 3-орунду камсыз кылышты.
«Ден соолук» Спартакиадасы Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында иштеген кызматкерлери арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, аларды сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлөт. Жеңүүчү командалар жай айларында жыл сайын Ысык Көлдүн жээгинде өткөрүлүүчү республикалык мелдешке катышууга жолдомо алышат.