Колледждер аралык мобилдүүлүктү өнүктүрүү максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин окутуучулары М.А.Бекешов жана Э.Ч.Ташиев ОшТУнун гуманитардык технологиялык колледжинин ТОиРАТ-1-21(9) тайпасынын студенттерине «Автоунаанын түзүлүшү» предметинен конок лекцияларды өтүштү. Мында автоунааларды техникалык тейлөө багытындагы адистиктер үчүн атайын адистикке тиешелүү болгон бардык акыркы маалыматтарды камтыган лекциялар окулду. Заман талабына ылайык адисти даярдап чыгуу үчүн өнүгүүнүн заманбап үлгүлөрүн камтыган лабораториялык, техникалык жана усулдук колдонмолорду колдонгон маанилүү лекциялык сабакка студенттер кызыгуу менен катышышты. Бул тажрыйба алмашуунун алкагында гуманитардык-технологиялык колледжинин автоунаа кафедрасынын ага окутуучусу Кочкоров А.Э. «Автоунаалардын диагностикасы» предметинен, окутуучу Бурканов Т.М. «Автоунаанын түзүлүшү» предметинен Жалал-Абад колледжинин ТОиРАТ-2-21(9,11) тайпаларынын студенттерине практикалык сабактарды өтүп келишти.
ОшТУнун студенти көркөм окуу сынагында ийгилик жаратты
Ош шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили...











