“Санарип Кыргызстан 2019-2023” концепциясынын алкагында өлкөнүн бардык ЖОЖдорунда окуу процессин уюштурууну, башкарууну автоматташтыруу багытында түрдүү маалыматтык системалар активдүү киргизилүүдө.
Ош технологиялык университети өзүнүн кызматкерлеринин жардамында «UNIVER+» жеке маалыматтык системасын (МС) иштеп чыгып, ишке киргизген. UNIVER+ программалык комплекси жогорку жана орто атайын окуу жайларында окуу процессин башкарууну жана уюштурууну автоматташтыруу үчүн иштелип чыгылган. Аны ишке ашыруу, заманбап билим берүү мекемесинин алдында турган маселени комплекстүү чечүүгө мүмкүндүк берет.
Система автоматташтыруучу негизги процесстер:
- окуу пландарын киргизүү, оңдоо жана текшерүү, билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн жумушчу жана семестрдик окуу пландарын түзүү;
- студенттердин контингентин эсепке алуу жана алдын ала пландаштыруу;
- окуу жүктөмүн жана окуу топторунун тизмесин түзүү, окутуучулардын окуу жүктөмүн эсептеп, бөлүштүрүү;
- окутуучулар үчүн электрондук жекече пландарды толтуруп түзүү;
- семестрдин ичинде окуу процессинин жүрүшүн пландаштыруу;
- түзүлгөн семестрдик окуу пландарынын жана бөлүштүрүлгөн окуу жүктөмүнүн негизинде сабактардын жадыбалын, экзамендик сессиянын графиктерин түзүү;
- абитуриенттерди каттоо, кабыл алуу (онлайн, офлайн режимдерде) жана кабыл алуу комиссиясынын иш кагаздарын жүргүзүү;
- студенттердин жана магистранттардын өздүк баракчаларын, транскрипттерин даярдап берүү жана каттоо;
- студенттердин контингентин, алардын кыймылын жүргүзүү;
- түзүлгөн эрежелердин негизинде компьютердик тестирлөөнү өткөрүү;
- окуу процессиндеги электрондук рейтингдик, экзамендик баракчаларды түзүү, толтуруу жана каттоо;
- студенттердин жетишүү, катышууларын көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү;
- отчеттордун, маалымкаттардын бардык түрлөрүн жана академиялык маалымкаттарды автоматтык түзүү жана басып чыгаруу;
- түзүлгөн ролдордун негизинде системага кирүү укугун ийкемдүү башкаруу;
- катышуу жана жетишүүлөрдүн электрондук журналдарын жүргүзүү жана студенттердин рейтингин жарыялоо;
- студенттин жана мугалимдин электрондук жеке кабинеттери аркылуу байланыштарды түзүү;
- кызматкерлердин ортосунда веб-чат жана файл алмашууну жүргүзүү;
- окутуучу менен студенттердин ортосунда веб-чат жана файл алмашууну жүргүзүү;
- электрондук окуу материалдарынын маалымат базасын түзүү (лекция конспектилери, практикалык жана лабораториялык сабактарды, силлабустарды, окуу-методикалык материалдарды ж.б. даярдап, жүктөө);
- электрондук китепкананы кызматын түзүү;
- студенттерди аралыктан окутууну уюштуруу (онлайн консультациялар, сабактар ж.б.);
- «Бирдиктүү терезе» системасында иштөөнү уюштуруу;
- автоматташтырылган режимде төлөм кызматтарынын бардык түрлөрүн уюштуруу.
Автоматташтырууну ишке киргизүү менен төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөр жаралат:
- электрондук документ жүгүртүүнүн негизинде бардык процесстерди тездетүү;
- процессти башкаруунун ыкчамдуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
- эсеп, отчетторду түзүүдө көп эмгекти жана убакытты талап кылган процесстерди автоматташтыруу;
- отчетторду жана статистикалык маалыматтарды даярдоону жеңилдетүү;
- процесстердин ачык-айкындыгын жогорулатуу жана кызматкерлердин жана студенттердин жоопкерчилигин калыптандыруу;
- ар бир колдонуучуга бардык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- жалпы билим берүү системасына санариптик билим берүүнү киргизүү;
- бүткүл калк үчүн, анын ичинде аялуу топтор үчүн санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү;
- университеттин санариптик контентин өнүктүрүү;
Университеттин «UNIVER+» программалык пакети Microsoft Visual Studio чөйрөсүндө C# программалоо тилинде иштелип чыккан. Маалымат базасы Microsoft SQL Server (СУБД) маалыматтар базасын башкаруу системасы аркылуу сакталат. Отчет берүү бөлүгү жана веб-башкаруу бөлүгү AngularJS веб тилин колдонуу менен иштелип чыккан.