Университеттердин орус-кыргыз консорциумунда биргелешкен билим берүү программасынын алкагында Д.Ф.Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык университетинен “ВОЕНMEХ” техника илимдеринин кандидаты, Е4 кафедрасынын доценти Киреев Олег Леонидович жана Потапов Евгений Сергеевич ОшТУга иш сапар менен келишти. Буга чейин Балтика мамлекеттик техникалык университети менен биздин университеттин ортосундагы түзүлгөн келишимдердин негизинде эки тараптуу кызматташуунун алкагында бакалавр 2+2, магистратура 1+1 программаларын ишке ашыруу жана академиялык мобилдүүлүк боюнча Информатика кафедрасынын окутуучуларынын катышуусу менен Колдонмо информатика адистигинин студенттерине конок лекция өтүштү.
ОшТУда абитуриенттер тесттик сынак тапшырышты
ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжине абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру жыйынтыкталып, абитуриенттер кыргыз тилинен сынак тапшырышты. Эскерте кетсек, ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжине абитуриенттерди...