Өзбекстандын Навои тоо-кен иштери жана технологиялык университетинин белгилүү илимпоз-педагогдору тарабынан ОшТУнун Энергетика факультетинин жана гуманитардык-технологиялык колледждин энергетика багытында билим алып жатышкан студенттери үчүн онлайн лекция окуу башталды. Биздин окуу жай менен Навои университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык эки тараптын илимпоз-педагогдору студенттерге энергетика багытына байланышкан бардык адистик сабактардан онлайн жана офлайн сабактарды өтүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Азырынча лекциялар онлайн түрүндө окутулуп жатат. Ал эми кийинчерээк эки университеттин илимпоз-педагогдору окуу жайларга барып сабактарды өтүшмөкчү.
Ош технологиялык университети: эл аралык таануу, заманбап билим, ишенимдүү келечек
1963-жылы негизделген Ош технологиялык университети — Кыргызстандагы технологиялык билимдин алдыңкы борбору. 2025-жылы университет QS Stars™ эл аралык рейтингинде 4 жылдыз...