Ош технологиялык университетинин колдонмо математика кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Аширбаева Айжаркын Жоробековна 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрга чейин Турция мамлекетинин Анталия шаарында өткөрүлгөн Анализ жана колдонмо математика боюнча алтынчы эл аралык конференцияга (ICAAM-2022) катышып келди.
Бул конференция Анализ жана колдонмо математика багытында эмгектенип жатышкан математиктерди өздөрүнүн математикадагы жаңы ыкмалары менен бөлүшүп, коомчулук менен бирге талкуулоо үчүн бириктирүү максатында эки жылда бир жолу уюштурулуп келет. Эл аралык бул иш чарага Россия, Өзбекстан, Кыргызстан, Швеция, Серби, Индия жана башка чет өлкөлөрдүн математик-окумуштуулары катышышты.
Кыргызстандан жети окумуштуу, алардын ичинен биздин окуу жайдан А. Ж. Аширбаева барып келди. Бир жумага созулган конференцияда Анализ жана колдонмо математика багытындагы маселелер, пайда болуп жаткан жаңы ыкмалар, аларды илимде колдонуу тууралуу талкуулоо жүрдү. Иш чаранын жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.