Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжинин Жаштар комитети тарабынан кичи футбол оюну өткөрүлдү. Бул спорттук оюндун өткөрүүнүн негизги максаты жаштар аралык ынтымакты, достукту бекемдөө, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу, дени-сак жашоого үндөө болуп саналат.
Оюнга жалпысынан он алты команда катышып, университеттин дене-тарбия кафедрасынын окутуучулары калыстык кылышты. Оюндун жыйынтыгында биринчи орунга Статистика командасы, экинчи орунга Студенттер үйүнүн командасы, ал эми үчүнчү орунга ПКС-1-21(9) тайпасы ээ болушту.
Байгелүү орундарды камсыз кылган командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга дипломдор, грамоталар, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Футбо́л – оюндун куралы болгон топко кол тийгизбей аны каршылаштардын дарбазасына киргизүүдөгү гол эсебинде, атааңдаштардан алдыда турууда жеңишке жетүүчүү командалык спорт түрү.