ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда 2022-жылдын 25-октябрында саат 11.00дө «Кесиптер жана бош орундар жарманкеси – 2022» өткөрүлөт.
Жарманкеге Өзгөн, Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорундагы мамлекеттик жана жеке менчик мекеме-уюмдар, ишканалар, ишкер чөйрөлөрү бош орундарын сунушташат.
Уюштуруучулар: Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту жана Өзгөн, Кара-Суу, Кара-Кулжа райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары, Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмү.
#жумуш_издегендер_үчүн
#абитуриенттер_үчүн