Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык 5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп жарыяланган. Бул күндүн урматына арналып жыл сайын Ош технологиялык университетинде “Жашоо-тиричилик коопсуздугу” кафедрасы тарабынан иш чаралар уюштурулуп келет. Аталган кафедранын жалпы жамааты тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын өкүлдөрү биздин окуу жайда билим алып жатышкан студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун негизги максаты, күнүмдүк жашоо-тиричиликте кездешкен ар кандай өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, аларды болтурбоо жана жүз берген учурда сактануу эрежелери тууралуу кеңири маалымат берүү болуп саналат. Анткени, ата-энесинен алыстап, башка чөйрөгө туш болгон студенттер ар кандай кырдаалдарга кез келиши мүмкүн. Ошол учурдагы жасалуучу иш чаралар менен тааныштырышты. Ал эми жашоо-тиричилик коопсуздугу багытында билим алып жатышкан келечектеги инженер-куткаруучуларга бул кесип менен эмгек жолдорун улантып жатышкан инженерлер бул кесиптин өзгөчөлүгүн, врачтар сыяктуу эле адам өмүрүн сактоо биринчи милдет экендигин белгилеп өтүштү.
КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп Россия мамлекети атуулдук коргонуу багыты боюнча адистерди даярдай баштаган. Андан соң биздин мамлекетте, биздин окуу жайда Өзгөчө кырдаалдарда коргоо адистигин даярдай баштаган. Бүгүнкү күндө Ош технологиялык университети даярдап чыгарган инженер-куткаруучулар өз адистиктери менен алыскы жана коңшулаш мамлекеттерде ийгиликтүү эмгектенип жатышат.