Кафедра жөнүндө
Кафедра 1991-жылы «Өндүрүштүн негиздери» кафедрасынын базасында, «Жеңил өнөр-жайынын технологиясы кафедрасы» адистигин даярдоочу кафедра болуп уюштурулган. Кафедрада илимдин 4 кандидаты, 1 профессор,4 доцент, 1 ага окутуучу, 6 окутуучу иштешет.
Кафедра уюштурулгандан бери 1400дөн ашык жогорку квалификациялуу адистерди жеңил өнөр жайынын ишканалары үчүн даярдап чыгарды. Кафедранын бүтүрүүчүлөрү: Сыдыкова Ж.А., Мендикулова Л.С., Абдырасулова Р.Р., Максытова М.Т. кафедранын багыты боюнча кандидаттык диссертацияларды жакташты. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү кийимдин дизайнерлеринин бири болуп эсептелген Мамытова Салтанат биздин кафедранын бүтүрүүчүсү.
Жеңил өнөр жай буюмдарынын техникалык иш кагаздарын даярдоо үчүн, кийимдерди конструкциялоо жана моделдөө үчүн Граффис, Грация аттуу атайын автоматташтырылган долбоорлоо системаларын кафедра боюнча ыкмаларын өздөштүрүү иштери жүрүп жатат. Бул жумуштарды өткөрүү үчүн компьютердик каражаттар менен толук камсыздалган тажырыйбакананы иштетебиз. Андан тышкары, сапаттуу жана стилдүү кийимдерди жаратып чыгуу үчүн кафедрага 3 заманбап тигүүчү жабдуулар менен камсыздалган тигүү цехтер бар.
Окуу процессинде “Тигилүүчү буюмдарды конструкциялоо», “Тигилүүчү буюмдардын технологиясы”, “Тигүү ишканаларын долбоорлоо”, “Костюмду көркөмдөп долбоорлоо”, “Долбоорду материалда аткаруу”, “Костюмдун тарыхы жана композициясы” жана башка кафедрага караштуу багыттарынын студенттерине керектүү таалимдер окулат.
Студенттерди өз алдынча чыгармачылык менен иштөөгө тартуу боюнча кафедра активдүү ишитерди жүргүзөт. Чыгармачылык жумуштун негизги багыты кыргыздардын этникалык костюмдарын изилдөө. Студенттер тарабынан иштелип чыккан коллекциялар республикалык, аймактык презентацияларда жана студенттик конференцияларда, ошондой эле мода көргөзмөлөрүндө байгелүү орундарды ээлеп келе жатат.
Окутуучулардын жана студенттердин илимий изилдөө жумуштарынын темалары кыргыздардын улуттук кол өнөрчүлүгү жана кийимдери менен байланышкан. Студенттердин илимий изилдөө жана дипломдук жумуштарынын натыйжалары төмөндө көрсөтүлгөн.
Окуутунун багыттары
Кафедра төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт.
БАКАЛАВРИАТ багыты боюнча
- 740700 «Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо»: «Тигүү буюмдардын технологиясы» жана «Тигүү буюмдарды конструкциялоо» профилдери боюнча
– Академиялык денгээли: бакалавр
– Окууту формасы: күндүзгү жана дистанттык
– Окуу мөөнөтү: 4 жана 5 жыл
– Окууту усулу: бюджеттик жана контракттык
– Кабыл алуунучу документтер: Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана кошумча физика же химия таалимдеринин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт
- 570700 «Костюм жана текстиль искусствосу»: «Костюмду көркөмдөп долбоорлоо» профили боюнча
– Академиялык денгээли: бакалавр
– Окууту формасы: күндүзгү
– Окуу мөөнөтү: 4 жыл
– Окууту усулу: бюджеттик жана контракттык
– Кабыл алуунучу документтер: Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана кошумча «Сүрөт» жана «Композициянын негиздери» таалимдеринин экзаменинин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт
ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК АДИСТЕРДИ ДАЯРДОО боюнча багыттар
- 570020 «Дизайн»: «Кийимдин дизайны» профили боюнча
– Академиялык денгээли: адис
– Окууту формасы: күндүзгү
– Окуу мөөнөтү: 5 жыл
– Окууту усулу: контракттык
– Кабыл алуунучу документтер: «Сүрөт» жана «Композициянын негиздери» таалимдеринин экзаменинин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт; Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы эске алынбайт
Бакалавр жана жогорку квалификациялык специалистерди даярдоо үчүн кафедрада техникалык жабдылган лабораториялар жана устаканалар, заманбап компьютердик канаалар, ошондой эле журналдар, китептер жана электрондук окуу китептери менен касыздалган китепкана бар.
Кафедрада жүргүзүлгөн илимий иштердин багыты:
- Жеңил өнөр жай өндүрүшүнүн тармактарында колдонулатурган Орусча – кыргызча терминологиялык сөздүктү түзүү, т.и.к., профессор М. Арзиевдин жетекчилигинде;
- Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын экономикасынын өнүгүү жолдорун изилдөө, ага окутуучу Н.С. Абдыкалыкованын жетекчилигинде;
- Кийимдердин бөлүктөрүн долбоорлоодо кийизден көлөмдүк формаларын берүү үчүн ыкмаларды иштеп чыгуу багытында, т.и.к., доцент Ж.А. Сыдыкованын жана ага окутуучу А.Б. Молдошованын жетекчилигинде;
- Өндүрүштүк тигүү машиналарды конструкциялоо жана динамикасын изилдөө, т.и.к., доцент Н.А. Бакированын жетекчилигинде;
- Кол өнөрчүлүк искусствосу багыты боюча изилдөө, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү А.Б. Молдошованын жетекчилигинде;
- Куруучулардын атайын кийими үчүн материалдардын жаңы түрлөрүн жаратуу.
Кафедранын курамы
Бакирова Назгуль – т.и.к., доцент, кафедра башчысынын милдетин аткаруучу
е-почта: b_nazka_85@mail.ru
тел.ном: +996 550-14-11-21
Илимий эмгектери: 11 илимий макала, 2 окуу – методикалык көргөзмө, 3 брошюра
Сабак өткөн таалимдери: Макеттөө, Кийимдин АДС,Тигүү өндүрүшүндөгү маалымат технологиялары, Компьютердик графика
Квалификацияны жогорулатуу: «AutoCAD» курсу, аккредитация боюнча семинар ААОПО «Жогорку стилистика мектеби».
Муса Арзиев т.и.к.,профессор,
е-почта: arziev.52@mail.ru
тел.ном: +996 558-07-77-02
Илимий эмгектери: 45 илимий макала, 33 окуу-усулдук көрсөтмө
Сабак өткөн таалимдери: Тигүү өндүрүшүнүн машиналары жана аппараттары, Адистикке киришүү, Метрология, стандартизация жана сертификация, Тармактын технологиясы, Тигүү өндүрүшүндөгү материалдарды таануу, Дүйнө элдеринин костюмдарындагы оймолор жана орнаменттер, Илимий изилдөө жана студенттердин өз алдынча иштеринин негиздери, Декоративдик-колдонмо искусство
Квалификацияны жогорулатуу: «AutoCAD» курсу, «Окуутунун интерактивдүү ыкмаларын колдонуу»
Сыдыкова Жаннат Абдукамаловна т.и.к., доцент
е-почта: Jannat_kan16@mail.ru
тел.ном: +996 777-46-24-28
Илимий эмгектери: 20 илимий макала, 8 окуу-усулдук көрсөтмө
Сабак өткөн таалимдери: Адистикке киришүү, Адистикке даярдоо, Тигилүүчү буюмдардын, технологиясы, Тигүү ишканаларын долбоорлоо, Декоративдик-колдонмо искусство
Квалификацияны жогорулатуу:«САПР «Eleandr, Julivi» курсу, аккредитация боюнча семинар «Эднет», ААОПО
Абдыкалыкова Назгул Сулаймановна доцент
е-почта: nabdykalykova@gmail.com
тел.ном: +996 550736421
Илимий эмгектери: 28 илимий макала, 12 окуу-усулдук көрсөтмө, 1 колдонмо
Сабак өткөн таалимдери: Азыркы замандын этикети, Моданын жана стилдин тарыхы, Тигүү өндүрүшүндөгү материалдарды таануу, Адистикке даярдоо, Өндүрүштүн экономикасы, Дүйнө элдеринин костюмдарындагы оймолор жана орнаменттер, Заманбап материалдар, Кийимдин стили, Материалдарды конфекциялоо.
Квалификацияны жогорулатуу: «AutoCAD» курсу, «Окутуунун интерактивдүү ыкмаларын колдонуу» «Жогорку стилистика мектеби».
Кубакова Айзада Эргешалиевна доцент
е-почта: Kubakova69@bk.ru
тел.ном: +996 552-27-92-86
Илимий эмгектери: 4 илимий макала, 10 окуу-усулдук көрсөтмө
Сабак өткөн таалимдери: Тигилүүчү буюмдардын технологиясы, МиОТП, ПТППЛП, Калдыксыз технология, ТПиП, Долбоорду материалда аткаруу, Адистикке даярдоо
Квалификацияны жогорулатуу: «AutoCAD» курсу
Молдошова Аида Буркановна ага окутуучу
тел.ном: +996773-66-59-41
Илимий эмгектери: 5 окуу-усулдук көрсөтмө, 8 чыгармачылык коллекция, 30дан ашык чыгармачылык иштер
Сабак өткөн таалимдери: Жат жазуу, Тартуу, Долбоорду материалда аткаруу, Композициялык дизайндын негиздери, Түс таануу, Долборлоо графикасы, Костюмдун композициясы
Квалификацияны жогорулатуу: «AutoCAD» курсу, First жана «Развитие академической честности, этики и педагогического мастерства учителей» программалар боюнча трениниги.
Оморов Жумабек Абдимаматович окутуучу
е-почта: jumabek-75@list.ru
тел. ном: +996 779 778 999
Сабак өткөн таалимдери: Сүрөт, Жан жазуу, Костюмографика
Квалификацияны жогорулатуу: «AutoCAD» курсу, First жана «Развитие академической честности, этики и педагогического мастерства учителей» программалар боюнча трениниги.
Кокоева Эркайым Эргешевна окутуучу
е-почта: erkinaiergeshova1601@gmail.com
тел. ном: +996 773 932 003
Сабак өткөн таалимдери: Кол өнөрчүлүк искусствосу, Кесипке даярдоо, Макеттөө.
Илимий эмгектери: 7 илимий макала, 1 окуу курал, 1 окуу усулдук көргөзмө.
Камилжан кызы Кандалат окутуучу, изденүүчү
е-почта: KamiljankK@bk.ru
тел.ном: +996 772-89-53-76
Сабак өткөн таалимдери: Декоративдик колдонмо искусство, Костюмографика.
Квалификацияны жогорулатуу: «AutoCAD» курсу
Илимий эмгектери: 9 илимий макала, 2 окуу-усулдук көргөзмө.
Джороева Сайкал Ташболотовна окутуучу
е-почта:
тел.ном: +996 556 008 706
Сабак өткөн таалимдери: Тигилүүчү кийимдердин технологиясы, Кесипке даярдоо.
Илимий эмгектери: 2 илимий макала.
Акматали уулу Сагынбай окутуучу
е-почта: sagynakmataliuulu@gmail.com
тел. ном: +996 507 69-57-17
Сабак өткөн таалимдери: Сүрөт, Жан жазуу.
Нурумбетова Элзат Равшановна окутуучу
е-почта: elzat.nurumbetova@mail.ru
тел. ном: +996 551 802 082
Сабак өткөн таалимдери: Саркечтин иллюстрациясы, Костюмографика, Проектная графика, Композициянын негиздери, Костюмдун композициясы.
Жылчыев Сапар Сарбаевич лаборатория башчысы
Асанова Жылдыз окуу устаты
е-почта: jyldyzasanova02@gmail.com
тел. ном: +996 771 07-09-02
Максут кызы Уулжан лаборант
тел. ном: +996 771 07-09-02
Ийгиликке жетишкен бүтүрүүчүлөр
Максутова Максат Ташболотовна
Техника илимдеринин кандидаты Кыргыз – Оруссиялык Славян университетинин «Кийимдерди көркөмдөп долбоорлоо» кафедрасынын башчысы
Салтанат Мамытова кийим дизайнери
«SaltanatMamytova» брендинин негиздөөчүсү
Сулейманова Наргиза Жусупалиевна кийим дизайнери
«Нукура Бренд» мода үйүнүн негиздөөчүсү
Саипова Гулзат Токтобековна кийим дизайнери
«Гулзат Саипова» мода үйүнүн негиздөөчүсү