Кафедранын тарыхы
Ош технологиялык университетинин эң алгачкы кафедраларынын бири бул – Транспортту иштетүү жана туруктуу технология кафедрасы. Кафедранын тарыхы азыркы күндө университетибизде эмгектенип жаткан профессор, т.и.к., т.и.д. агай – эжекелер менен белгилүү.
1963 – жылдын Фрунзе политехникалык институтун Оштогу кечки факультети ачылган, ошол эле жылы 3 жылдык окууга «Автомобиль жана автомобилдер чарбасы» адистигине студенттерди кабыл ала баштаган.
1976 – жылы Автоунаа кафедрасы уюштурулган сон, «инженер механик» кесибиндеги студенттерди жогорку билимдүү адис кылып даярдай баштаган. Ош шаарындагы Пионер көчөсүндө атайын автоунаа кафедрасы үчүн имарат курулуп, кесиптик сабактар боюнча лабораториялар окутуучулар жана студенттердин күчү менен түзүлгөн.
1979 – жылы ФПИ ОКФ «Автомобиль жана автомобилдер чарбасы» адистиги боюнча студенттер аяктаган.
1988 – жылы кафедрада жаңы «Ташууну уюштуруу жана унаада башкаруу» адистиги ачылган.
1993 – жылы жогорудагы адистик боюнча күндүзгү окуу бөлүмүн биринчи бүтүрүүчүлөр аяктаган.
1994 – жылы ушул адистик боюнча кечки жана сырттан окуу бөлүмүндө биринчи бүтүрүүчүлөр аяктаган.
1994 – 2000-жылдары кафедра өзүнүн адистиктерин санын жылдан жылга көбөйтүп келет, буга мисал катары «Автосервис», «Жол кыймылын уюштуруу» жана «Бажы иши» адистиктерин айтсак болот.
2000 – жылы «ЖКУ» адистиги боюнча биринчи бүтүрүүчүлөр аяктаган.
2003-жылдын октябрь айында «Автоунаа» кафедрасы «Жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу» кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.
2012 –жылы “Жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу” кафедрасынын атын “Транспортту иштетүү жана туруктуу технология” кафедрасы болуп өзгөрүлдү.“Транспортту иштетүү жана туруктуу технологиялар” кафедрасы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча Мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилген № LD 170000223 катар номери 17/0106 №17 тиркеме менен 28.02.2017-ж. лицензиянын негизинде 670300 Унаа процесстеринин технологиясы багыты боюнча “Кыймылды уюштуруу жана анын коопсуздугу” жана “Баажы иши” профилдеги бакалавр даярдайт.
Кафедранын миссиясы: Унаа процесстеринин технологиясы багыты боюнча бакалавр даражасындагы жогорку денгээлдеги сапатуу билим берүүнүн алдынкы инновациялык технологияларды колдонуу менен заман талабына ылайык, өз жумушун мыкты билген, толерантуу, эмгекти сүйгон, жоопкерчиликтүү, уюштургуч, максатка умтулган, социалдык мобилдүү адистерди даярдоо жана тарбиялап өстүрүү.
“Транспортту иштетүү жана туруктуу технологиялар” кафедрасы 670300 Унаа процесстеринин технологиясы багыты боюнча бакалаврларды окутуу үчүн бир канча окуу аудиториялары менен камсыз болгон, адистикке үйрөтүүчү сабактар атайын жабдылган лабораторияларда жана кабинеттерде өткөрүлөт.
Лабораториялык бөлмөлөрдө жана окуу залдарда жолдо жүрүүнүн эрежелери, деталдар, автомобилдердин коопсуздугу боюнча элементтердин кесилиштери, автомобилдердин агрегаттарынын иштөөчү макеттери, плакаттар, керектүү жабдыктар, студенттерди автомобиль айдоого үйрөтүүчү виртуалдык тренажерлар бар. Ошондой эле компьютердик класс курстук иштерди, лабораториялык жумуштарды аткаруу үчүн “Сredo Тempus”– эл аралык доолбор жардамында заманбап компьютерлер жана ноутбуктар менен жабдылган.
Окуу процессинде интерактивдүү окуу ыкмаларын колдонуу жана аны жайылтуу жакшы жолго коюлган. Бул максатта ар түрдүү семинарлар уюштурулуп турат. Окутуунун традициялык ыкмаларынан тышкары ар түрдүү интерактивдүү, инновациялык ыкмаларды колдонуу менен сабактар өткөрүлөт. Мисалы: ролдук оюндар жана чакан топтор менен иштөө сыяктуу. Жогорудагы ыкмаларды колдонуу менен кафедранын окутуучулары сабактарды тиешелүү деңгээлде өткөрүшөт.
Лабораториялык жумуштар талаа шарттарында (сыртка чыгуу) өткөрүлөт. Аудиториялык лабораториялык жумуштарда лабораториялык жумуштардын теориялык бөлүгү гана каралат. Кафедрага бекитилген лабораториялык жабдыктар толугу менен иштетилет. Студенттердин өндүрүштүк практиканы өткөрүүгө толук шарттар түзүлгөн. Диплом алдындагы, өндүрүштүк практикалар өтүүгө Ош шаарынын ишканалары, мамлекеттик авто инспекция менен (шаардык, областык) келишим түзүлгөн. Студенттердин билим деңгээли модулдук-рейтинг системасында сабактардан тестик тапшырмалар аркылуу текшерилет.
“Транспортту иштетүү жана туруктуу технологиялар” кафедрасында 510952-TEMPUS-1-2010-1-SE-TEMPUS-JPCR, ошондой эле “Сredo Тempus” жана “MapreeTempus” – эл аралык проекттери боюнча илимий-изилдөө иштери жүрүп жатат.
“Транспортту иштетүү жана туруктуу технологиялар” кафедрасында 2015 – 2016 окуу жылына TEMPUS MAPREE № 530793 проектинин «Курулуш» – Калыбына келүүчү энергия булагы жана имараттардын энергоэффективдүүлүгү багыты боюнча магистратура ачылып, ага 27 магистрант кабыл алынды. 2016-2017-окуу жылында алгачкы 6 магистрант диссертацияларын ийгиликтүү коргоду. Азыркы күндө 15 магистрант 2-курста окуп жатат.
Кафедранын окутуучулары өздөрүнүн илимий изилдөө иштери менен да иш алып барышат. азыркы учурга чейин көптөгөн илимий макалалар жарыяланган, университеттин илимий, тарбиялык жана уюштуруу иштерине активдүү катышат.
Тарбиялык иштер кафедрада бекитилген план боюнча жүргүзүлөт. Профессордук-окутуучулук жамаатынын жана жардамчы курамдын иштөө графиги түзүлгөн. Кафедрада окутуучулардын күзөтүү графиги түзүлүп бекитилген.
«ТИжТТ» кафедрасынын окутуучулары бир катар группаларга куратор болуп, ар бири өздөрү жасаган планга ылайык студенттер менен уюштуруу – тарбиялоо иштерин алып барышат. Кафедранын ар бир окутуучусунда группа жөнүндө керектүү маалыматты камтыган куратордук иш план журналдар бар.
50 жыл ичинде “ТИжТТ” кафедрасы 5000 ден ашуун жогорку билимдүү адистерди даярдап чыгарган. Алардын көпчүлүгү Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде өз кесибинин ээси болуп эмгектенип жатышат.
- Кафедранын профессордук-окутуучулук жамааты төмөнкү багыттар боюнча илимий-изилдөө иштерин алып барышат:
- Создание системы оптимизации маршрута и экологической безопасности АТС в городе Ош с применением ГИС технологий
- Разработка и создание отечественных перфераторов с ударно-поворотным механизмом
- Разработка математических зависимостей влияния влажности воздуха на эксплуатационные качества транспортных средств в условиях высокогорья на маршруте Ош – Сарыташ
Транспортту иштетүү жана туруктуу технологиялар кафедрасынын курамы
Кадыркулов Адылбек Козубекович– Кафедра башчысы
Окумуштуулук даражасы: Техника илимдеринин кандидаты (05.02.18. «Механизмдердин жана машиналардын теориясы» жана 05.05.06. «Тоо машиналары»), 2003
Окумуштуулук наамы: доцент
Адистиги: 1989-жылы Москва автомобиль -жол институту
Илимий багыты: Механизмдердин жана машиналардын теориясы, Тоо машиналары.
Илимий эмгектери: 40тан ашык илимий макала, 1 автордук күбөлүк.
Окутуу сабактары: Основы применения технических средств таможенного контроля, Служба БД, Экономика дорожного движекния.
Электрондук почта: akkadyrkulov@mail.ru
Байланыш номери: 0772667798
Абидов Абдыкадыр Омарович
Окумуштуулук даражасы: Техника илимдеринин доктору
Окумуштуулук наамы: профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын, Эл Аралык Инженердик Академиясынын академиги
Окутуу сабактары: Основы научных исследований
Илимий эмгектери: 100дөн ашык, алардын ичинен 60 илимий макала, 3 автордук күбөлүк, 21 методикалык көрсөтмө, 2 окуу куралы.
Эл. почта: abidov_65@mail.ru
Байланыш номери: (03222) 4-38-83
Жоробеков Болотбек Астаевич профессор.
Адистиги: АжАЧ 1984-жылы Фрунзен политехникалык институту
Окумуштуулук даражасы: Техника илимдеринин кандидаты
Окумуштуулук наамы: доцент, ОшТУнун профессору
Окутуу сабактары: Дорожные условия и безопасность движения, Служба ГАИ
Илимий эмгектери: 100дөн ашык, алардын ичинен 60 илимий макала, 2 автордук күбөлүк, 30 методикалык көрсөтмө
Электрондук почта: bolot60@rambler.ru
Байланыш номери: 0772 38-64-70
Жакыпджанова Вахида Саипджановна доцент
Адистиги: УТУжБ инженери, 1993-жылы Ош жогорку технологиялык колледж, магистр (Курулуш – Калыбына келүүчү энергия булагы жана имараттардын энергоэффективдүүлүгү адистиги), 2017-жыл ОшТУ
Илимий даражасы: магистр
Окутуу сабактары: Организация дорожного движения, Организация и безопасность движения, Служба безопасности движения на АТ
Илимий эмгектери: 40 илимий чыгармачылык, алардын ичинен 30 методикалык көрсөтмө, 10 макала жана 1 патент.
Квалификациясын жогорулатуу:
- Тренинг по теме “Проведение в ВУЗах самоаттестации и составление отчета по самоаттестации“ – 26 январь 2017 г. Ош ТУ;
- Семинар-тренинг по теме “Проведение независимой аккредитации программ и организаций профессионального образования” – 13 май 2017 г. Ош ТУ;
- Семинар-тренинг по теме “Подготовка экспертов для лицензирования и аккредитации образовательной деятельности” – 15 декабрь 2017 г. Ош ТУ
- Семинар-тренинг по теме “Подготовка экспертов для лицензирования и аккредитации образовательной деятельности” – 5-7 ноябрь 2020 г. ОГПИ
Электрондук почта: vahida6969@mail.ru
Байланыш номери: +996 (772) 35 41 52
Болушев Эрнис Маматалиевич ага окутуучу
Адистиги: УТУжБ инженери, 1997-жылы ОшТУ
Окутуу сабактары: Патентоведение, Автомобильные перевозки, Транспортное право
Илимий эмгектери: 30 илимий иштери бар
Электрондук почта: ernest75@mail.ru
Байланыш номери: 0772 24 32 12
Тажибаев Жоомарт Калмаматович ага окутуучу
Адистиги: ЖКУ инженери, 2000-жылы ОшТУ
Окутуу сабактары: Дорожные условия и безопасность движения, Безопасность транспортных средств, Служба ГАИ, История развития автомобильного транспорта.
Илимий эмгектери: 10 илимий иштери бар
Электрондук почта: Joomart-79@bk.ru
Байланыш номери: 0777 73 63 90
Орозбаев Канибек Арапович ага окутуучу
Адистиги: АжАЧ 1985-жылы Фрунзен политехникалык институтунун Оштогу кечки филиалы
Окутуу сабактары: Пути сообщения и технологические сооружение, Таможенные процедуры, Лицензирование и сертификация на АТ
Илимий эмгектери: 10 илимий иштери бар
Электрондук почта: Orozbaev60@mail.ru
Байланыш номери: 0771 43 78 12
Пакырдинов Махамадаким Рахматуллаевич ага окутуучу
Адистиги: ЖКУ инженери, 2001-жылы ОшТУ
Окутуу сабактары: Транспортная планировка городов, Интелектуалная транспортные системы, Экономика дорожного движения
Илимий эмгектери: 10 илимий иштери бар, анын ичинен 8 илимий макала, 2 патент
Электрондук почта: Pakyrdinov80@mail.ru
Байланыш номери: 0773 15 65 07
Алибаев Канатбек Калыкович окутуучу
Адистиги: АжАЧ 2002-жылы ОшТУ, магистр, Курулуш – Калыбына келүүчү энергия булагы жана имараттардын энергоэффективдүүлүгү адистиги, 2017-жыл ОшТУ
Илимий даражасы: магистр
Окутуу сабактары: Организация дарожного движения, Организация и безопасность движения, Служба ГАИ, Методология подготовки водителей
Илимий эмгектери: 1 илимий макала
Электрондук почта: alibaebkanatbek79@gmail.com
Байланыш номери: 0773 83 38 31
Сыдыков Нурадин Асанбаевич окутуучу
Адистиги: ЖКУ инженери, 2011-жылы ОшТУ
Окутуу сабактары: Технические средства ООД, Служба ГАИ, Служба БД на АТ
Электрондук почта: Sydykovnuradin@mail.ru
Байланыш номери: 0777 28 15 69