Окуу бөлүмү, КРнын жогорку билим берүү системасынын нормативдик актыларынын, билим берүү программалардын мамлекеттик стандартынын
негизинде иш алып барат. Багыттардын , адистиктердин КРнын ББжИМ тарабынан бекитилген окуу пландарынын негизинде окуу процессин уюштуруп, пландаштырып, регламенттештирет, ошондой эле алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу жана үйрөтүү, мезгил талабына ылайык окуу технологияларын,инновациялык усулдарын апробация жолу менен өткөрүп, аны окуу процесстерине кеңири колдонуу аркылуу билим берүүнүн сапатын камсыздоочу негизги бөлүм болуп эсептелет.
Максаттары:
Жогорку квалификациядагы кадрларды дярдоого талаптарды жана учурдагы стандарттарды эске алуу менен ОшТУнун билим берүү системасынын туруктуу өнүгүүсү, билим берүүдөгү жаңы технологияларды колдонуунун негизинде ОшТУнун окуу процессин пландаштыруу, эффективдүү уюштуруу, сапатын анализдөө жана текшерүү.
Негизги милдеттери:
- ОшТУда бардык окутуу формалары боюнча бакалавр адистерин даярдап чыгаруу жана кабыл алуу иш-аракеттерин эффективдүү жана перспективдүү пландаштыруу.
- Зарыл болгон уюштуруу-ченемдерин, маалыматтык-аныктама документтерин иш-аракеттерге ылайык координациялоо.
- Билим берүү сапатын жогорулатуу максатында окуу процессин максаттуу пландаштыруу, анализдөө, башкаруу жана текшерүү, боюнча иш-чараларды өнүктүрүү жана иштеп чыгуу.
- Билим берүүнүн сапатын жогоруралатуу жана окуу процессин камсыздоо боюнча ОшТУнун магистратуранын, факультеттеринин, кафедраларынын, филиалдарынын , бөлүмдөрүнүн жумуштарын координациялоо.
- Факультеттердин жана кафедралардын ошондой эле КР башка ЖОЖдорунун, жакынкы жана алыскы мамлекеттеринин (өлкөлөрүнүн) окуу процессин уюштуруу жана студенттердин өз алдынча иштөөсү боюнча алдыңкы тажырыйбаларын жайылтуу жана жалпылоо, окуу процессиндеги жаңы окуу технологияларын киргизүү жана иштеп чыгуу.
- ОшТУнун окуу иш-аракеттериндеги отчеттордун жана жыйынтыктардын негизинде окуу жумуштарын жакшыртуу боюнча программаларды жана иш-чараларды иштеп чыгуу.
- Окуу процессин жана анын сапатын камсыздоочу бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилерине окуу-усулдук, консультациялык жана башка жардамдарды көрсөтүү.
- Окуу-тарбиялык процессин уюштуруу, пландоо жана текшерүү боюнча факультеттерди, кафедраларды, филиалдарды зарыл болгон окуу-усулдук сунуштамалар, жоболор, нормативдик материалдар менен камсыздоо.
2023-2024-окуу жылы үчүн окуу процессинин графиги
2024-2025 окуу жылындагы окуу бөлүмүнүн иш планы.
Абдуллаев Уланбек Душабаевич
Билими: Жогорку, Өнөр жай жана атуулдук курулуш, инженер-куруучу 2011 жыл.
Кызмат орду: окуу бөлүмүнүн башчысы
Байланыш тел. 0772 67 22 26
Email: ulan-123@inbox.ru
Илимий иштери: 20дан ашык илимий макалалар.
Практика башчысы:
Ибраева Махабат Кайыповна
+996559 767029
Жетектөөчү адис:
Каримова Зуура Жунусовна
+996772412611
Жетектөөчү адис:
Калбаева Мырзайым Асилбековна
+996558620042 myrzashka92k@mail.ru