Магистратура бөлүмүнүн түзүлүү тарыхы
Магистратура бөлүмү ОшТУнун ректорунун 2013-жылдын 4-сентябрындагы № 09-04/181 буйругунун негизинде түзүлгөн. Магистратура бөлүмүнүн жобосу 2023-жылдын 27-январында ОшТУнун окумуштуулар кеңешинде кайра каралып, бекитилген (№ 3 протокол).
Магистратура бөлүмүнүн ачылышынын негизги максаты: мамлекеттик стандартты аткарыш үчүн фундаменталдык жана прикладдык илимдерде, билим берүү системаларында, илим жана маданияттарында ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарында жогорку квалификациялуу атаандаштык жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон кадрлар менен камсыздоо болуп эсептелет.
Магистратура бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиктери, Кыргыз Республикасынын илимине жана билимине эмгек сиңирген ишмерлер, 13 илимдин докторлору, 60 илимдин кандидаттары, 20 магистр билим беришет.
Окуу процессин уюштуруу үчүн пайдаланылган материалдык-техникалык, китепканалык жана маалыматтык ресурстар жетиштүү жана ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын талаптарына жооп берет. Магистратуранын лабораториялары жана окуу кабинеттери заманбап окуу эмеректери, компьютердик техникалар, салттуу жана мультимедиялык доскалар, стенддер, тиешелүү лабораториялык жабдуулар менен жабдылган.
Университеттин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо стратегиясын ишке ашыруу үчүн магистратура бөлүмү дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен тыгыз кызматташат. Магистратура бөлүмү бир катар чет өлкөлүк өнөктөш университеттер менен макулдашууларга ээ жана билим берүү программасынын алкагындагы академиялык мобилдүүлүк программаларына активдүү катышат, бул билим берүү программасынын өнөктөш университеттер менен программанын ылайыктуулугун далилдейт. Бөлүмдө Европанын алдыңкы университеттеринин чакырылган профессорлорунун катышуусунда семинар -тренингдер байма-бай уланууда.
Сыймыктуу бүтүрүүчулөр боюнча маалымат:
Биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын гана эмес, көптөгөн чет өлкөлөрдүн илимий, маданий, коомдук жана саясий турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө суроо-талапка ээ. Бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү магистрдик диссертациясын ийгиликтүү коргоп, өлкөбүздүн бир катар жерлеринде жогорку кызматтарда жана университеттин өзүндө эмгектенип келе жатышат:
- Топчубеков Асылбек Аманович – Кыргыз унаа курулуш заводунун директору;
- Кедейбаева Жамал Арстаналиевна- философия илимдеринин доктору, доцент;
- Жолдошов Белек Муратович – техника илимдеринин доктору, профессор;
- Жолдошбаев Нусуп Дилзатбекович – Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын жетекчиси;
- Мамасадыков Улан Курстанбекович- ОшЖВЭТнын башчысынын орун басары.
Атакулова Мерим Абдыкеримовна
Жумуш орду: магистратура бөлүмүнүн башчысы
Окумуштуу даражасы, окумуштуу наамы: филология илимдеринин доктору, профессор, РФнын Табият таануу Академиясынын академиги.
Жарык көргөн китептери, илимий иштери жана башка публикациялары: 16 окуу-усулдук колдонмолору, 4 окуу китеби, 5 монографиясы чыгарылган жана 150дөн ашуун макалалары жарык көргөн.
тел.: +996777 27-07-77
эл.почта: atakulova.m@bk.ru
Магистратура болумунун иш планы 2024-2025-окуу жылга карата
Магистранттарды даярдоо күндүзгү жана сырттан окуу формасында ишке ашырылат.
Окуу мөөнөтү: күндузгү- 2 жыл, сырттан – 2,5жыл.
Бүгүнкү күндө ОшТУнун магистратура бөлүмү кафедралар менен биргеликте төмөнкү 16 багыт боюнча 20 адистикти даярдап жатат:
- Колдонмо математика жана информатика;
- Электр энергетикасы жана электр техникасы:
адистиги: Электр менен камсыздоо;
адистиги: Электр энергетикалык системалар жана тармактар;
адистиги: Электр энергетикадагы менеджмент; - Картография жана геоинформатика;
- Информатика жана программалоо технологиясы;
- Транспорттук процесстердик технологиясы:
адистиги: Кыймыл коопсуздугун уюштуруу; - Маалымат системалары жана технологиялары:
адистиги: Экономикадагы; - Курулуш:
адистиги: Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо жана анын теориясы; - Колдонмо информатика;
- Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары:
адистиги: Байланыш тармактары жана коммутация системалары; - Экология жана жаратылышты пайдалануу;
- Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы:
адистиги: Өсүмдүк азыктарын өндүрүү кайра иштетүү технологиясы(кундүзгү, сырттан); - Кесипке билим берүү:
адистиги: Психология;
адистиги: Маалыматтар технологиясы; - Экономика:
адистиги: Финансы жана кредит (кундүзгү, сырттан);
адистиги: Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит (кундүзгү, сырттан); - Социалдык иш;
- Мененджмент;
- Программалык инженерия.