МТжКТТБнын тарыхы
2007-жылы Ош технологиялык университетинде сервистик борбор ачылып, университеттин компьютердик техникаларын, оргтехникаларын жана ички тармактык (локальный сеть) интернеттин туруктуу иштөөсү үчүн түзүлгөн. 2016-жылы маалымат технологиялар жана компьютердик техникалык тейлөө бөлүмү болуп өзгөртүлдү. Техникалык тейлөө дегенде биз пландаштырылган профилактикалык тейлөө, аппараттык бөлүктөрдү орнотуу, BIOS микропрогрммасын жаңыртуу, вентиляторлордун жана куллерлерди майлоо жана тазалоо, суюк боёктуу, матрицалуу жана лазердик принтерлерди оңдоо жана картридждерди оңдоо, толтуруу, жана ошондой эле ксерокөчүрмө аппараттарын тейлөө. Сервис борборунун ишмердүүлүгүн автоматташтырууда убакытты үнөмдөөдө техникаларды оңдоо жана тейлөө тарыхын сактоо чоң жардамын тийгизет.
Сервис жана оңдоо бөлүмү
- Копьютерлерди, оргтехникаларды оңдоо жана тейлөөдө билдирүү иш кагазын толтурасыз:
- Картридждерди толтуруу үчүн билдирүү жазуу зарыл:
- Интернетти улоо үчүн билдирүү хазуу зарыл:
- Техникалар боюнча маалымат же кеңеш алуу үчүн бөлүмдүн кызматкерлерине кайрыласыздар.
Тармактык технологиялар бөлүмү
Бөлүмдүн максаты:
- Сервердик парктын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу
- Компьютердик тармактын туруктуу иштешин камсыз кылуу
- Университеттин кызматкерлерине жана студенттерине тармактык кызматтарды көрсөтүү
Жеткиликтүү кызматтар: Windows жаңыртуу, антивирус, зымсыз тармак, интернет жана электрондук почта.
Бөлүмдө 7 кызматкер эмгектенип жатат.
Эркинбай уулу Нургазы – Маалымат технологиялары жана компьютерлерди техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы.
Билими: Жогорку, 2011-2016-жылдары Ош технологиялык университетинин Информатика кафедрасынын “Информатика мугалими” адистигин бүтүргөн.
Байланыш телефону: 0770101070: Электрондук почтасын: kg.pavarot@mail.ru
Орозмаматов Келечек – инженер,
Билими: Жогорку. Ош технологиялык университетинде “Экономикадагы колдонмо информатика” адистигин бүтүргөн.
Байланыш телефону: 0773316759: Электрондук почтасы: kelechek_1989@mail.ru
Теңдик уулу Эламан – инженер,
Билими: Жогорку, Ош технологиялык университетинин “Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларын программа менен камсыздоо” адистигин бүтүргөн.
Байланыш телефону: 0509932210: Электрондук почтасы: elaman.93_kg@mail.ru
Топчубай уулу Шералы – инженер,
Билими: Орто, ОшТУ, Тех.Коллежд, ПОВТАС кафедрасында “инженер программист” адистигин бутургон.
Байланыш телефону: 0222010191: Электрондук почтасы: sheraly.00kg@mail.ru
Акматалиев Барсбек – инженер,
Билими: Орто, ОшТУ, Гуманитардык-технологиялык колледжинин “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу” адистигин бүтүргөн.
Байланыш телефону: 0999080111: Электрондук почтасы: akmatalievbarsbek111@mail.ru
Камилжанов Канатбек – инженер.
Билими: ОшТУ, ТТФнын ПМИ-1-21 тайпасынын студенти
Байланыш телефону: 0555200631: Электрондук почтасы :kanatkamilzanov10@mail.ru
Маалымат технологиялары жана компьютерлерди техникалык тейлөө бөлүмү Ош технологиялык университетиндеги компьютерлерди (1000ден ашуун) жана оргтехникаларды (350дөн ашуун түрү) сапаттуу техникалык абалын камсыз кылууда. Компьютерлерге операциялык системаларды, кошумча түзүлүштөрдүн драйверлерин, офистик программалар жана маалымат технологиялары жана компьютерлерди техникалык тейлөө бөлүмү иштеп чыккан ички тармакта интернетттин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат.
Электрондук дарек: servissentr.sb@mail.ru