Пландоо финансылык бөлүмү (ПФБ) Университеттин экономикалык пландаштыруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Пландоо-финансылык бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Университеттин Уставын, Окумуштуулар кеңешинин чечимдерин, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, мамлекеттин башка нормативдик-укуктук документтерин жетекчиликке алат.
Пландоо-финансылык бөлүмү түздөн-түз ректордун көзөмөлү астында иштеген бөлүмдүн башчысы башкарат. Пландык-финансылык бөлүм расмий түзүмү жана кызматкерлеринин саны университеттин штаттык жадыбалга ылайык белгиленет. Кызмат адамдарынын милдеттери тийиштүү кызматтык нускамалар менен аныкталат жана бекитилет.
ПФБнүн негизги милдеттери жана функциялары:
университеттин финансы-чарба ишмердүүлүгүн экономикалык жактан пландоо, уюштуруу жана жөнгө салуу;
кийинки финансылык жылга университеттин консолидацияланган бюджетин түзүү жана университеттин ишинин бардык багыттары боюнча акча каражаттарынын өз убагында жана толук келип түшүшүн камсыз кылуу;
каржылоо булактарына тийешелүү кирешелердин жана чыгашалардын сметаларынын аткарылышын көзөмөлдөө жана талдоо;
университетти каржылоо боюнча статистикалык жана отчеттук маалыматтарды жалпылоо жана талдоо;
университеттин пландык-финансылык иш-аракеттери боюнча жетекчилик документтерин эсепке алуу жана тутумдаштыруу, аларды тиешелүү кызмат адамдары менен өз убагында уюштуруу;
штаттык-финансылык тартиптин сакталышын, тарифтик чендердин, эмгек акылардын, ошондой эле колдонуудагы эмгек мыйзамдарынын туура колдонулушун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
кызматкерлерди кабыл алуу, бошотуу жана которуу боюнча кадрлык буйруктарында бекитилген түзүмгө, кызматка, эмгек акысын төлөө боюнча кызмат акыларынын аныкталган өлчөмүн; университеттин кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндөгү жобого ылайык университетте колдонулуп жаткан милдеттүү жана кызыктыруучу төлөмдөрдү бөлүмдөрдүн аталышына ылайык келишин текшерүү жана коштоо;
университет тарабынан аткарылган акы төлөнүүчү кызматтардын бардык түрлөрүнүн наркын аныктоо жана экономикалык негиздемесин эсептөө;
башкаруунун компетенциясына кирген маселелер боюнча финансылык жана статистикалык отчётторду, ар кандай экономикалык негиздемелерди, маалым каттарды, кат-кабарларды даярдоого катышуу жана тапшыруу;
Пландоо финансылык бөлүмдүн курамы:
ПФБдө 3 кызматкер эмгектенет
- ПФБнүн башчысы
- ПФБнүн улук экономистти
- ПФБнүн экономистти
Абдрашитов Кубанычбек Маматибрагимович – пландоо финансылык бөлүмүнүн башчысы
- 14.03.2002-2003-жылдары Ош шаардык Социалдык Фонд башкармалыгынын, киреше бөлүмүнүн I
категориядагы адиси; - 2003-2009-жылдары Ош шаардык Социалдык Фонд башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн башкы адиси;
- 2009-2010-жылдары Бишкек шаарыны, Октябрь райондук Социалдык Фонд башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн адиси;
- 2010-жылы АЖӨЛБнун алдындагы №1 Чүй обулусунун жол экспулатациялоочу ишкананын бригадири;
- 2018-2022-жылдары Кара-Суу райондук “Кыргыз Почтасы” Мамлекеттик ишканасынын инструктору;
- 2022-жылдан тарта Ош Технологиялык университетинин пландоо финансылык бөлүмүнүн башчысы.
Байланыш телефон: 0555 801 492; 0 (312) 4 35 31
Электрондук почта дареги: kabdrashitov9@gmail.com
Антропова Светлана Семеновна – пландоо финансылык бөлүмүнүн улук экономисти
тел: 0553 882 883, 0 (312) 4 35 31
Электрондук почта дареги: svetlana.antropova@gmail.com
Эркебек уулу Нуржигит – пландоо финансылык бөлүмүнүн экономистти
тел: 0552 470 109; 0 (312) 4 35 31
Электрондук почта дареги: nikierkinov@gmail.com