Кафедранын тарыхы
1963-ж. Фрунзедеги Политехникалык Институтунун Оштогу кечки факультети ачылып, 1-3-курстарды жалпы техникалык даярдоо жүргүзүлгөн.
1976-ж. Жалпы илим берүү кафедрасынын алдында «ЭмЖ» (өнөр жайын, шаарларды, айыл чарбасын) кафедрасы ачылган.
1988-ж.толук программада инженер-электриктерди даярдоо боюнча кечки бөлүм ачылган.
1991-ж. «Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу» кафедрасы ачылган. Кафедрасынын жетекчиси болуп т.и.к., доцент Умөталиева А.У. дайындалган. Ошол эле жылы кафедрада «Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу» адистиги боюнча күндүзгү жана сырткы окутуу бөлүмдөрү ачылган. 1991-жылы Ош кечки факультети Ош жогорку колледжи болуп, өзгөртүлүп, бардык окуу бөлүмдөрү боюнча толук программадагы инженер-электрик адистерди даярдай баштаган.
Окуу, материалдык техника жана лабораториялык базаны түзүүдө т.и.к., доц. А.Умөталиева өзүнүн чоң салымын кошкон.
1993-жылы кафедранын жетекчиси болуп т.и.к., доц. Тешебаев А.Т. дайындалып, «Айыл чарбасын электирлештирүү жана автоматаштыруу» кафедрасынын илимий изилдөө, иштеринин, окуу тарбиялык жана материалдык базасын өсүүсүн уланткан. 1994-жылы «ЭмЖ» (өнөржайын, шаарларды, айылчарбасын) адистиги боюнча кечки бөлүмдүн биринчи бүтүрүүчүлөрүн чыгарган. Кафедранын адистик номенклатураларын кеңейтип, 1995-жылы Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) адистигинде күндүзгү, кечки жана сырткы бөлүмдөр ачылган. 1997-ж. «АЭжА » кафедрасы «ЭжА» болуп өзгөртүлүп, 1998-ж. «ЭжА» «Электроэнергетика» кафедрасы болуп түзүлгөн. Кафедранын окутуучулары жана Тешебаев А.Т. жетекчилигинде 2 / 202, 2 / 203, 2 / 015, 2 / 301, 2 / 321, 2 / 121 лабораториялары түзүлүп жана жабдуулар менен жабдылган. Кафедра бирнече жылдар бою (1998-1999,2000,2002) жылдын жыйынтыгы «Мыкты лабораториясы» номинациасында биринчи орунду ээлеп келген.
2000-ж. Электр менен жабдуу (тармакта боюнча) адистигинде күндүзгү бөлүмдүн биринчи бүтүрүүчүлөрү чыгарылган.
2000-жылдын май айынан «ЭЭ» кафедрасын ага окутуучу Токоев М.П. жетектеген. 2001-ж. кафедраны «ЭМ» жаңы адистигинин күндүзгү жана кечки бөлүмдөрү ачылат. 2002-ж. «ЭТжТ» адистигинин күндүзгү жана сырткы бөлүмдөрдүн биринчи бүтүрүүчүлөрү чыккан.
2003-жылдын сентябрында «Электр менен жабдуу» кафедрасы «Электроэнергетика» кафедрасынан бөлүнүп чыгып, кафедраны жетекчилик кылуу милдети М.П. Токоевге тапшырылган. М.П.Токоев жетектеп турган учурда чоң ийгиликтерге жетишкен. Кафедрадан Кадыров А.С. жана Абдылдаев Р.Н. кандидаттык диссертацияларын коргошкон. 2006-жылы кафедра ОшТУнун “Эң мыкты кафедрасы” номинациясынын жеңүүчүсү болгон.
М.П. Токоев 2014-жылдын февраль айынан баштап факультетти жетектегендигине байланыштуу кафедраны 2014-жылдын февраль айынан 2019-жылдын декабрь айына чейин т.и.к., доцент Р.Н. Абдылдаев жетектеп келген. Бул учурда кафедранын ага окутуучусу Турдуев И.Э. кандидаттык диссертациясын коргогон. 2019-жылы 3\301 лабораториялык каанасы ОшТУнун “Эң мыкты окуу лабораториясы” номинациясына ээ болгон.
2019-жылдын декабрь айынан баштап «Электр менен жабдуу» кафедрасына техника илимдеринин кандидаты, доцент Ташиев Нургазы Мамазакирович жетекчи болуп дайындалды. 2020-жылдын 24-январында кафедранын ага окутуучусу Андаева З.Т.кандидаттык диссертациясын коргоду.
Учурда кафедрада: 4 илимдин кандидаты, 1 ОшТУнун профессору, 1 ОшТУнун доценти, 2 ага окутуучу, 2 окутуучу, 2 окуу жардамчы персоналы иштейт.
Кафедрада даярдалуучу адистиктер
Электр менен жабдуу кафедрасы бүтүрүүчү кафедралардан. 640200 «Электрэнергетика жана электртехника» багыты боюнча магистр жана бакалаврларды чыгарат, төмөнкү профилдерди: «Электр менен жабдуу»(ЭС) жана «Электр энергетикадагы энергияны үнөмдөө».
2016 –жылы бакалаврдын күндүзгү бөлүм боюнча «Электр менен жабдуу» профилинин биринчи бүтүрүүчүлөрү бүттү.
2016–жылы 700600 «Метрология, сертификация жана стандартташтыруу» багыты боюнча «Өндүрүш жана азык түлүктөрдү стандартташтыруу жана сертификациялоо» профилине лицензия алынган.
Кафедранын иш алып баруусу
Окуу сабактары 2 адистик боюнча күндүзгү жана сырткы бөлүмдөрдө жүргүзүлөт. Кафедранын окутуучулары кафедрага бекитилген 32 предметтен сабак өтүшөт. Кафедрада лекция жана практика окуу сабактарын тажрыйбалуу окутуучулар билим берүүдө.
Кафедрада төмөндөгүдөй лаборатория бөлмөлөрү бар:
- 3/301-Электр менен жабдуу жана Электр менен жарыктандыруу;
- 3/308- лекциялык каанасы;
- 1/009- Электр коопсуздугу жана Релелик коргоо жана автоматташтыруу;
- 3/101А Автоматташтырылган түйүндү долборлоо, Электр менен камсыздоодо ЭЭМ колдонуу жана «АСКУЭ»;
- 3/101 – Компьютердик класс, каанасы;
- 3/309- Окутуучулардын каанасы.
ОшТУнун Энергетика факультетине караштуу окуу полигону.
Окуу лабораториясынын базасы канааттандырарлык , 17 сабак боюнча лаборатория иштери окутулат. 3/308 лекциялык жана 3\301 лабораториялык кааналар да интерактивдүү ыкма колдонуу боюнча диапроекторлор орнотулган.
Кафедрадагы илимий-изилдөөлөрдүн багыттары
Азыркы учурда кафедранын курамы төмөнкү илимий изилдөөлөрдүн багыттары боюнча иш алып барууда:
- Электр менен жабдуу системаларынын иштөө режимдерин оптимизациялоо жана изилдөө.
- Технология жана айыл чарбасын механикалаштыруу каражаттары
Кафедранын курамы:
Ташиев Нургазы Мамазакирович – кафедра башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент
тел.: (0773) 758645
Е-mail: miali_n@mail.ru
Токоев Маматомур Пирматович- т.и.к., ОшТУнун профессору.
Тел. +996773 901809
E-mail: tokoev1965@mail.ru
Турдуев Ильяз Эрмекович – техника илимдеринин кандидаты , доцент.
тел. +996779 989 386
E-mail: ilyaz_turduev@mail.ru
Андаева Замира Туратовна- техника илимдеринин кандидаты , доценттин м.а.
Тел. +996770 773397
E-mail: zandaeva77@mail.ru
Абдуллаева АлмагулТемирбековна- ОшТУнун доценти.
Тел. +996772638875
E-mail: almagul–002@mail.ru
Козубаев Кубатбек Бекназарович- магистр, ага окутуучу.
Тел. +996771261062
Мурзакулова Гульниса Акимжановна- магистр,ага окутуучу.
Тел.+996773672913
E-mail:gulnisamurzakulova@gmail.com
Көкчөева Салия Бакытбековна– магистр,окутуучу.
Тел. +996770398452
E-mail: skokchoeva@gmail.com
Балтабаева Жумагуль Эргешбаевна– аспирант, окутуучу.
Тел. +996551676567
E-mail: jumagul90@gmail.com
Топчубаев Кудайберди – инженер
Тел. +996999357033