Экономика жана финансы кафедрасы
Зикираев Марат Тологонович
Кафедра башчысы э.и.к., доцент
Байланыш телефону: 0777 76 15 05
е-mail: m.zikiraev77@mail.ru
Урматтуу кесиптештер, студенттер жана ата-энелер!
Азыркы учурда Кыргызстандын экономикасы “Экономикалык билимди” өркүндөтүүнү инновациялык жолдор менен жана экономикалык өсүштү аймактарда камсыз кылууну биринчи планга коюу менен ЖОЖдордон фундаменталдык изилдөөлөрдүн негизинде инновациялык маанилүү замандын талабына ылайык адистерди даярдоону талап кылууда.
Турмуш көрсөтүп жаткандай азыркы жумуш берүүчүлөр жогорку квалификациялуу, мобилдүү, замандын талабына ылайык келген компетенциялдуу кадрларга муктаж. Учурда фундаменталдык билим берүү траекториясында зарыл болгон кесиптик компетенттүү, системалуу ой жүгүрткөн чыгармачылык менен татаал маселелерди чечкен, жана өз алдынча изденүү менен жаңы чечимдерди кабыл алган адистер, финансы жана кредит чөйрөсүнүн жана эмгек рыногунун негизги талабы.
Азыр көпчүлүк үчүн ушундай мезгил болуп турат: өз алдынча, акыл калчап, өз киндигин өзү кесип жоопкерчиликти сезе билген келечекке умтула турган учур келди.
Кесипти тандоодо, ОшТУнун экономикалык факультетине тапшырып жатып сиз келечекте алуучу кесибинизди жана өздүк интеллектуалдуу байлыгыңызды өнүктүрө аласыз. ОшТУ – бул түштүк региондогу бирден бир алдыңкы эталонго ээ жогорку квалификациялуу экономикалык багыттагы кадрларды даярдоочу окуу жайы. Баарыбызга белгилүү болгондой, ОшТУ – бул бир гана жандуу өкүм сүргөн окуу жай эмес, ал инновациялык чыгармачыл аракеттер менен билимди европалык стандарттарга уйкалыштырып уюштуруп, заманбап кадрларды рынокто атаандашуучулукка туруштук бере турган мобилдүү адистерди даярдоочу окуу жайы саналат.
“Экономика жана финансы” кафедрасы жөнүндө маалымат.
“Экономика жана финансы” кафедрасы ОшТУнун Экономика жана башкаруу факультетинин структуралык бөлүгү. Мында 580100 “Экономика” багыты “Финансы жана кредит”, “Экономика жана ишканаларды башкаруу” жана 580600 “Логистика” багыты боюнча “Финансылык-банктык ишмердүүлүктүн логистикасы”, “Ишканаларда логистиканы уюштуруу” профилдерине бакалавр баскычында финансы жана банк чөйрөсүнө, мамлекеттик менчиктеги мекеме ишканаларга, салык жана каржы органдарына, менчиктин түрүнө карабастан банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарга кадрларды даярдап келе жатат.
Экономика багытынын профилдик эмес предметтерин тейлоо максатында “Экономика жана финансы” кафедрасы “Экономика” секциясын ачты, анын курамында 6 окутуучу-экономиканын магистрлери эмгектенишет.
Кафедра өзүнүн көп жылдык иш тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу кадрдык курамынын күчү менен кафедралар арасында чоң кадыр баркка ээ.
Азыркы мезгилде кафедрада 14 штаттык окутуучу эмгектенет, анын ичинен 5 илимдин кандидаты: 2 профессор жана 3 доцент, 6 экономиканын магистри, 2 ага окутуучу жана 1 окутуучу эмгектенишет.
Кафедрада негизинен өзгөчө таланттуу жаштарга көңүл бурулат. Студенттер жана жаш мугалимдер кафедрада илим – изилдөө иштерине, жыл сайын өтүлүүчү республикалык конкурстарга, олимпиадаларга жана конференцияларга активдүү катышышат.
Акыркы жылдары изденүүчүлөр жан аспиранттар финансы жана кредит кафедрасында илимий иштердин региондор аралык жогорку окуу жайлар арасында болгон конкурстарда сыйлыктардын жана ардак грамоталардын жеңүүчүлөрү болуп келүүдө.
Бүгүнкү күндүн башкы орунда турган тапшырмалардын бири студенттерди даярдоонун деңгээли эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келип, рыноктун инфраструктурасынын талаптарына жооп берүү болуп саналат.
Ошондуктан кадрларды ишке жайгаштырууну пландаштырууда бүтүрүүчү студенттер экономиканын бардык тармактарына, атап айтсак: банк секторуна, камсыздандыруу компанияларына, мамлекеттик башкаруу органдарына ж.б. структураларына керектүү адистерди даярдоо чоң мааниге ээ экендигин кафедра эске алат жана алар менен тыгыз байланышта иш алып барат. Мына ушундай кызматташтыкта кадрдык стратегия иш берүүчүлөр менен компетенттүү адистерге көңүл буруу кафедранын негизги тапшырмаларынан болуп эсептелет.
“Финансы жана кредит” профилин өнүктүрүү бакалавр баскычында окуу процессин дайыма өркүндөтүп турушу жана окуу-усулдук ыкмалар менен камсыз кылып туруу экономикалык өнүгүүнүн азыркы тенденцияларына кирери, студенттердин өз алдынча иштөөсү үчүн эффективдүү формалдарын жайылтуу, окуу процессинде жаңыча технологиялардагы ыкмаларды дистанттык окуудагы студенттер менен байланышууда интернет сеттерин камсыз кылуу талабын арттырууда. Дистанттык байланышта студенттерге окуу-усулдук материалдарды кафедра аркылуу ОшТУнун электрондук библиотекасына жүктөлөт. Мунун баары студенттердин чыгармачылык потенциалын активдештирүү жана окутуучулардын келечектеги алистердин даярдалышына багыт берет жана практикалык деңгээлин көтөрөт.
Биздин кафедранын бүтүрүүчүлөрү окуу жайды ийгиликтүү аяктагандан кийин төмөндөгүдөй кесиптик компетенцияларга ээ болушат:
- заманбап финансы жана кредит тармактарында кызматтарды көрсөтүү жана продуктыларды иштеп чыгууда чарба жүргүзүүчү субъектилерге кесиптик милдеттерин аткарууда жөндөмдүүлүгүн арттырат;
- мамлекеттик жана башка органдардын кызматтык иштерин өкмөттүк ыйгарым укуктарын жана финансы, акча кредиттик мамилелерин аткарууда жөндөмү артат;
- стратегиялык, жылдык жана болжолдуу бюджеттик пландарды иштеп чыгууда, маалыматтык-аналитикалык камсыздоону даярдоодо жөндөмдүүлүгү артат;
- мониторингди жүргүзүүнү, талдоону жана көзөмөлдүн аткарылышын ишке ашырат.
Кафедранын миссиясы, багыты жана тапшырмалары.
Кафедранын миссиясы – экономика тармагында сапаттуу жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого болгон талапты күчөтүү, профессионалдык компетенциясын жана жөндөмдүүлүгүн ата мекендик жана эл аралык эмгек рынокторунда ишке ашыра алуу.
Кафедранын багыты – бакалаврдык билим берүү программасын ишке ашыруу жана магистратуранын жалпы маданиятын калыптандыруу, жалпы кесиптик жана кесиптик компетенцияларын жогорулатуу жана бүтүрүүчүлөрдүн зарыл болгон муктаждыктарын чечүү.
Кафедранын тапшырмалары:
- кафедранын жана университеттин интелектуалдык потенциалын, кафедранын илим-изилдөөчү базасын өнүктүрүү, окутуучулук курамдын кесипкөйлүк ишмердүүлүгүн арттырууну күчөтүү;
- окутуудагы инновациялык ыкмаларды жайылтуу жана билим берүүдө прогресивдүү технологияларды колдонуу;
- финансы сферасындагы илимий педагогикалык жетектөөчү мектеп катары кафедранын атаандашуучулугун жогорулатуу.
Кафедранын илимий иштери жана жетишкендиктери:
“Экономика жана финансы” кафедрасынын илимий ишмердүүлүгүнүн максаты, келечеги.
Кыргыз Республикасынын аймактык илимий изилдөөсүнүн приоритеттүү багыт алуусуна ылайык “Экономика жана финансы” кафедрасы “КРнын экономикасын өнүктүрүүдө региондордун ички потенциалын, мүмкүнчүлүктөрүн талдоо жана изилдөө” деген темада иш алып барат.
Кафедранын илимий изилдөө иштери төмөнкү багыттарды өз ичине камтыйт:
- кафедранын профилдүү тематикасына ылайык, ар түрдүү булактардан каржыланган фундаменталдык (баштапкы) жана колдонмо изилдөөлөрүн жүргүзүү;
- доктордук жана кандидаттык диссертацияларды даярдоо;
- аспиранттардын жана студенттердин илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү;
- монографияларды, макалаларды жана илимий эмгектердин топтомун даярдоо жана чыгаруу;
- илимий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү (конференциялар, семинарлар, “тегерек столдор” ж.б.).
Фундаменталдык жана колдонмо илимий-изилдөө иштерин каржылоо булактары өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
- тематикалык план боюнча илимий-изилдөө иштерин бюджеттик каржылоо;
- чарбалык келишимдик илимий-изилдөө иштери жана кызматтары;
- түрдүү деңгээлдеги гранттардан каржыланган илимий-изилдөө иштери;
- биргелешип аткаруунун (иштөөнүн) негизиндеги илимий-изилдөө иштери.
Кафедранын окутуучулары тарабынан акыркы жылдары он алтыдан ашуун окуу жана илимий иштери чыкты (анын ичинен он беши окуу-усулдук иштер, бирөөсү монография).
Болочок кесипкөй адистерди даярдоо – кафедранын студенттеринин илимий-изилдөө иштеринин компетенти катары.
Азыркы учурда жогорку билим берүүдө студенттердин илим изилдөө иштеринин өнүгүүсүнүн актуалдуулугу келечектеги кадрларды даярдоонун негизги компетенттери болуп эсептелинет.
Студенттердин билим алуудагы илим изилдөө иштери жана аны толук түрдө ишке ашырууда алардын жеке иштөөсүнө жана чыгармачылык жөндөмүнө, өзүн көрсөтө билүүсүнө түрткү берет.
Студенттер “Экономика жана финансы” кафедрасы жана университет тарабынан уюштурган ар кандай иш-чараларга, курстарга, тегерек столдорго активдүү катышышат.
Олимпиадалар: Предметтер аралык студенттик олимпиадалар “Финансы”, “Салык жана салык салуу” жана “Банк иштери”.
Конкурстар: “Алдынкы тайпа”, “Финансылык сабаттуулук”, “Студенттик алдынкы илим изилдөө иши”, “Мыкты инвестициялык долбоор”.
Конференциялар: “Илим күнү”, “Илим жана 21-кылымдын жаштары”, “Акча жумалыгы” ж.б.
Бүтүрүүчүлөр: “Экономика жана финансы” кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү Экономика багыты боюнча “Финансы жана кредит” профили боюнча алган экономика бакалавры квалификациясындагы мамлекеттик дипломуна ээ болгон адис:
Банк мекемелеринде: валюталык операцияларды, физикалык жана юридикалык тараптарды насыялоо, заманбап маалымат технологияларынын кагаздарын жүргүзүү, ишканалардын ишин пландаштыруу жана талдоо, инвестициялык жана баалуу кагаздар рыногунда, корпоративдик бизнесте, менеджменттик жана маркетингдик, кассалык иштерди уюштурууда, баа түзүү, салык эсеби жана пландаштыруу, салыктардын эсептелиши, төлөнүшү салык иштеринин сырткы экономикалык ишмердүүлүгү ЭЭЗ салык салуу принциптери ж.б өз ичине камтыйт.
ОшТУнун “Финансы жана кредит” кафедрасынын бүтүрүүчүлөрүнө төмөнкү тармактарда талап жогору:
- банк жана салык салуу структурасында;
- камсыздандыруу жана инвестициялык компанияларда;
- социалдык жана бажы органдарында.
- мамлекеттик органдарда ж.б.
Бүтүрүүчүлөр билим алуусун “Экономика” багытындагы магистратура же ОшТУнун аспитартурасында улантса болот.
Биз чындыгында өз адистигине берилген мыкты бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз, алар – учурдагы окмуштуулар, мамлекеттик органдардын жана ишканалардын жетекчилери, каржы-кредиттик мекемелердин башчылары, бизнестин лидерлери ж.б.
“Экономика жана финансы” кафедрасынын алдынкы бүтүрүүчүлөрү:
Примов Улан Бердибаевич – кафедранын күндүзгү окуу бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, ФжК-1-95 тайпасы, Жогорку Кенештин депутаты;
Нурматов Кубанычбек – ФжК-1-95 тайпасынын күндүзгү бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү. КСДП фракциясы, Жогорку Кенештин депутаты.
Марипов Улукбек – ФжК-1-96 тайпасынын бүтүрүүчүсү. КРнын Премьер-министри.
Атабаев Нурлан – ФжК-1-96 тайпасынын бүтүрүүчүсү. “Ата-Түрк Манас” университетинин экономика факультетинин деканы.
Кулуев Абдумалик Абдурасулович – ФжК-1-96 тайпасынын бүтүрүүчүсү. Банк “Бай-Тушум” ЖАКнун директорунун орун басары.
Каратаев Акжол – ФжК-1-97 тайпасынын бүтүрүүчүсү. ААК “БТА Банкынын” Өзгөн филиалынын директору.
Абдывасиева Насипа – ФжК-1-95 тайпасынын бүтүрүүчүсү. ЖАК КБ “Оптима Банктын” Ош филиалынын башкы эсепчиси.
Курманбаев Мирбек Абдыкадырович – ФиК-1-95 тайпасынын бүтүрүүчүсү, Банк “Бай-Тушум” ЖАКнун директору
Сулайманова Айсулуу – ФиК-1-00 тайпасынын бүтүрүүчүсү, АУЦА окутуучусу
Абдывасиев Абдималик Абдималикович – ЭУБО-93 тайпасынын бүтүрүүчүсү, Демир Кыргыз Интернэшнл Банк ЖАКнун ОФнын директору.
Материалдык-техникалык базасы.
Экономика багыты боюнча бакалаврларды даярдоо үчүн кафедрада төмөнкүдөй окуу материалдык базасы түзүлгөн: лекциялык, практикалык жана семинардык сабактарды, өткөрүү үчүн 12 аудитория бекитилген (1/501, 1/503, 1/504, 1/507, 1/508, 1/509, 1/401, 1/402, 1/403, 1/405, 1/407, 1/409).
4 компьютердик жана интернет класстар (1/502, 1/505, 1/506, 1/406). Булардан тышкары мультимедиялык борбордо 80 заманбап компьютерлер интернет торчосуна чектөөсүз кирип, толук кандуу сабак даярданганга жана өтөөгө толук шарт түзөт. Компьютердик класста практикалык сабактарды өтүш үчүн жана алган теориялык сабактарды практика менен айкалыштыруу максатында “Банк иши” сабагы боюнча атайын программалар жана CD дисктерде көрсөткүчтөр базасы сакталган.
«ЭжФ» кафедрасынын мүчөлөрү:
Зикираев Марат Тологонович э.и.к., доцент +996 777 76 15 05
Баймуратов Абдимиталип Абдиллаевич э.и.к., ОшТУнун проф. +996 555 34 30 56
Кутманбекова Алмаш Абжалбековна э.и.к., ОшТУнун проф. +996 778 16 07 50
Омошева Буажар Исаковна ОшТУ доценти, экономиканын магистри +996 557 01 01 48
Батыр уулу Алтынбек э.и.к., доцент +996 551 62 21 19
Эргешбаева Айчурок Адановна экономиканын магистри,ага окутуучу +996 773 73 81 71
Жолдошов Бакытбек Раимжанович ОшТУнун доценти +996 554 98 89 98
Дыйканова Гулчехра Арипжановна экономиканын магистри, ага окутуучу +996 708 42 08 20
Кадырова Тиллаим Капаровна ага окутуучу +996 706 69 72 33
Парпиева Фатима Сааталыевна э.и.к., экономиканын магистри +996 773 00 04 58
Кайыпкулова Асел Сакмаматовна окутуучу +996 777 70 80 41
Жусупова Гулжамал Дамирбековна ага окутуучу +996 778 08 39 20
Керимбаева Тынара Эркинбековна экономиканын магистри, окутуучу +996 779 86 01 51
Кудайбердиева Айжаркын Салымжановна экономиканын магистри, окутуучу +996 990 09 00 96