Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасы
Кафедра башчысы б.и.к., доцент
Аматов Ысабек Козанович
Дареги: 723503, Кыргызстан, Ош шаары, Исанов көчөсү- 81, корпус 1, кабинет 101а
Тел: 0552 642 330, 0772 642 330.
E-mail– isa 2866@ mail.ru;
Кафедранын курамы:
Кафедранын тарыхы: Академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин «Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо» кафедрасы 1998-жылы Кыргыз республикасынын Билим жана маданият министирлиги тарабынан берилген №4 15.06.2000 лицензиясынын, ошондой эле, ОшТУнун Илимий Кеңешинин чечиминин негизинде уюштурулган. Кафедрада адистиктердин бекитилген окуу пландары бар, алар КМУУнун ОМБ стандарттарына ылайык жана экология жана жаратылышты пайдалануу боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо боюнча окутулуп жаткан дисциплиналардын зарыл көлөмү жана ырааттуулугу, семинардык, практикалык, лабораториялык сабактарды методикалык камсыздоо боюнча иштелип чыккан.
Джапарова Шакархон Жапаровна –х.и.к., доцент, ОшТУнун профессору
Е-mail: shekerhan.sahar@gmail.com
Тел: 0776 45 33 05-0554 45 33 05
Аттокуров Айбек Токтосунович – б.и.к., доцент
Е-mail: attokurov@mail.ru
Тел:0772 94 78 90.
Авазбек уулу Акбуура – окутуучу, экология магистри
Е-mail: avazbekov96@inbox.ru
Тел:0220 63 47.
Арстанова Айтолкун Адылбековна –окутуучу, биология магистри
Е-mail: cherry.chocolat@list.ru
Тел: 0709 49 69 59
Сапарбаев Султанбек Тагайбекович – окутуучу
Е-mail: sultansaparbaev833@gmail.com
Тел:0222 53 96 09.
Калыкова Жибек Бактыбековна-лаборант
Е-mail: zhibekkalykova90@gmail.com
Тел:+996709680502
Муктар кызы Мээримай- инженер
Е-mail: muktarovnameerim@gmail.com
Тел:+996770496604 +996701113307
Кафедра төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт
БАКАЛАВРИАТ багыты боюнча
520800 «Экология жана жаратылышты пайдалануу» профилдери боюнча
Академиялык денгээли:бакалавр
Окутуу формасы: күндүзгү жана дистанттык
Окуу мөөнөтү: 4 жана 5 жыл
Окутуу усулу: бюджеттикжана контракттык
Кабыл алынуучу документтер: Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана кошумча биология таалиминин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт
730100 «Токой иши жана ландшафтык курулуш» профили боюнча
Академиялык денгээли:бакалавр
Окутуу формасы: күндүзгү
Окуу мөөнөтү: 4 жыл
Окутуу усулу: бюджеттикжана контракттык
Кабыл алынуучу документтер: Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана таали жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт
МАГИСТРАТУРА багыты боюнча
520800 «Экология жана жаратылышты пайдалануу» профилдери боюнча
Академиялык денгээли:магистр
Окутуу формасы: күндүзгү жана дистанттык
Окуу мөөнөтү: 2 жана 3 жыл
Окутуу усулу: контракттык
Кафедранын илимий-иштери жана жетишкендиктери:
Кафедрасынын негизги илимий-изилдөө багыты болуп «Түштүк Кыргызстандын азыркы күндөгү экологиялык көйгөйлөрү»;
Кафедранын окумуштуулары, профессордук-окутуучулук курамы Кыргызстандын экологиялык көйгөйлөрүн изилдөө багытында көптөгөн иштерди аткарды. Кыргызстандын токойлорунун негизги зыянкечтеринин өсүү динамикасы жана оорулары боюнча илимий- изилдөө иштери жургузулуп келет. Кыргызстандын жангак тушумдуу жана арча токойлорунун негизги зыянкечтери жана оорулары аныкталды жана аны чечуу жолдору практика жузундо ишке ашырылууда.
Кафедранын илимий-изилдөө иштери төмөнкү багыттарды өз ичине камтыйт:
кафедранын профилдүү тематикасына ылайык, ар түрдүү булактардан каржыланган фундаменталдык (баштапкы) жана колдонмо изилдөөлөрүн жүргүзүү;
доктордук жана кандидаттык диссертацияларды даярдоо;
аспиранттардын жана студенттердин илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү;
монографияларды, макалаларды жана илимий эмгектердин топтомун даярдоо жана чыгаруу;
илимий иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү (конференциялар, семинарлар, “тегерек столдор” ж.б.).
Акыркы жылдары кафедранын окутуучулары тарабынан педагогикалык чеберчиликти жана илимий-теориялык потенциалды өркүндөтүү, ошондой эле кафедранын дисциплиналарын окуу-методикалык адабияттар менен камсыздоону жакшыртуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул үчүн ар бир мугалим өзүнүн дисциплиналары боюнча методикалык колдонмолорду, окуу куралдарын, окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу боюнча иштейт. Кафедра иштеп турган жылдары кызматкерлер тарабынан 4 китеп, 20 окуу-методикалык иштеп чыгуулар, 150дөн ашык илимий макалалар даярдалып, 4 Окуу китебин, илимий-популярдуу китептерди жана монографияларды басып чыгарууга даярдалган.
Кафедранын максаттары жана милдеттери:
Кафедранын максаты:
бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү кесиптик ишмердиги үчүн зарыл болгон жалпы маданий жалпы кесиптик жана кесиптик компетенцияларын түзүүнүн негизинде бакалавриат жана магистратура билим берүү программаларын ишке ашыруу
Кафедранын милдеттери:
кафедранын жана университеттин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу, кафедранын илимий-изилдөө базасын өнүктүрүү, профессордук-окутуучулук курамдын кесипкөйлүгүн жогорулатуу;
окутуунун инновациялык методдорун киргизүү жана прогрессивдүү билим берүү технологияларын колдонуу
Долбоордук жумуштар:
Мындан сырткары профессордук-окутуучулук курамдын жардамы менен адистиктер боюнча турдуу семинарлар, тренингдер өткөрүлүп турат. Буга мисал болуп IUCLAND долбоорунун негизинде “Кыргызстандын жер деградациясы” Work shop онлайн семинары 2017-жылдын 9 мартынан 2018-жылдын майына чейин Ош ТУнун маалымат технологиялар (МИКЦ) залында университеттин окутуучулары жана студенттеринин катышуусунда өткөрүлдү Бул семинар, тренингдерге катышуу студенттердин өз билимдеринин андан ары өнүгүүсүнө чон өбөлгө түзүүдө. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы чет элдик долбоорлордун тегерегинде да иштешет: алар кафедранын профессору, Шамшиев Бакыт Нуркамбарович, кафедранын доценттери Аттокуров Айбек Токтосунович, Тешебаева Зулумкан Абдыманаповна жана аспиранттар, магистранттар илимий долбоордун катышуучулары тез-тез чет мамлекеттерге семинарларга, конференцияларага катышып турат. Буга мисал болуп 2016-2018 окуу жылында кафедранын профессору Шамшиев Бакыт Нуркамбарович жана “экология жана жаратылышты пайдалануу” багытында окуган студенттер UICLAND жер деградациясы долбоору боюнча Италия, Хорватия, Кытай, Казахстан, Словакия Университетинде жайкы мектепте практикадан өтүп келишти, ошондой эле жогорудагы долбоор боюнча кафедранын окутуучулары Тешебаева Зулумкан Абдыманаповна жана Калыкова Жибек Бактыбековна да Европанын Словакия мамлекетинин Нитра шаарында жайкы жана кышкы мектепке катышып келишти.
Чет өлкөлөрдө стажировкадан өткөн студенттер (бүтүрүүчүлөр)
Авазбек у Акбуура ЭиП -14
Биймамат у Уланкадыр ЭиП -14
Дженыш к Алтынай ЛДиЛС-16
Нурмаматов Сыймык ЛДиЛС-16
Нажимидин к Кумушай ЭиП-14