Акматалиев Асанбек Тургунбаевич – сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор
Туулган жылы, күнү: 16.12.1977-ж.
Билими, окумуштуулук даражасы жана наамы: Ош мамлекеттик университетин аяктаган (2000), «Open World» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, 2011). Философия илимдеринин доктору, ОшТУнун профессору.
Эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача маалымат: 2000-2022-жылдар аралыгында Ош технологиялык университетинин академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда окутуучу, ага окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу, доцент, коомдук илимдер кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, декандын орун басары, кафедра башчысы, институттун директорунун илимий иштер жана сырткы байланыштар боюнча орун басары, институттун директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, институттун директору болуп эмгектенген. 2022-жылдан баштап Ош технологиялык университетинин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору болуп иштеп жатат.
Илимий-методикалык ишмердүүлүгү: 150гө жакын илимий жана окуу-усулдук эмгектердин автору (жалпысынан 1200 балл), алардын арасында 4 макаласы Scopus жана Web of Science базасында бар. Илимий макалалары Кытай, АКШ, КМШ, Европа биримдигиндеги, ж.б. өлкөлөрдө жарык көргөн.
Наукометрия базаларындагы катталуусу:
- ORCID: https://orcid.org/0000-0003-4113-0197
- Scopus Author ID: 57224222892
- РИНЦ AuthorID: 921453 SPIN-код: 8564-0193
- Google Scholar: Asanbek Akmataliev Turgunbaevich
- ResearchGate: Asanbek Akmataliev
Коомдук ишмердүүлүгү: Жергиликтүү кеңештин 5 жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматтын мыктысы, Сока (Япония) университетинин медалы менен сыйланган.
Байланыш маалыматтары, тел.: +996 (3222) 43518, +996 550 451059 (whatsapp, telegram);
e-mail: akmataliev.asanbek@mail.ru