Акматалиев Асанбек Тургунбаевич – сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор
Туулган жылы, күнү: 16.12.1977-ж.
Билими, окумуштуулук даражасы жана наамы: Ош мамлекеттик университетин (2000) жана КР УИАдан аспирантураны аяктаган (2009), «Open World» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, 2011). Философия илимдеринин кандидаты (2009), доцент (2011), ОшТУнун профессору (2024). 2024-жылдын 5-мартында философия илимдери боюнча докторлук диссертациясын коргогон.
Эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача маалымат: 2000-2022-жылдар аралыгында Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда окутуучу, ага окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу, доцент, коомдук илимдер кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, декандын орун басары, кафедра башчысы, институттун директорунун илимий иштер жана сырткы байланыштар боюнча орун басары, институттун директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, институттун директору болуп эмгектенген.
2022-жылдан баштап Ош технологиялык университетинин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору болуп иштеп жатат.
Сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Сока (Япония) университетинин медалы менен сыйланган.
Жарык көргөн эмгектери: 150гө жакын илимий жана окуу-усулдук эмгектердин автору.
Байланыш маалыматтары: тел.: +996 (3222) 43518, +996 550 451059 (whatsapp, telegram); e-mail: akmataliev.asanbek@mail.ru