- Транспортту иштетүү жана туруктуу технология (ТИжТТ)
- Транспорттук логистика жана тейлөө технологиясы (ТЛжТТ)
- Сызма геометрия жана графикалык дизайн (СГжГД)
- Дене тарбия
Факультеттин жетекчилери
Жоробеков Болотбек Астаевич – факультеттин деканы, техника илимдеринин кандидаты, профессор. Фрунзедеги Политехникалык институтунун “Автомобиль жана автомобилдер чарбасы” адистигин аяктаган. Илимий-методикалык иштеринин саны-110,
тел. 0322243608,
уюл.тел. 0772386470, bolot60@rambler.ru)
Кадыркулов Адылбек Козубекович– Кафедра башчысы
Окумуштуулук даражасы: Техника илимдеринин кандидаты 05.02.18. «Механизмдердин жана машиналардын теориясы»
05.05.06. «Тоо машиналары», 2003
Окумуштуулук наамы: доцент
Адистиги: 1989-жылы Москва автомобиль -жол институту
Илимий багыты: Механизмдердин жана машиналардын теориясы, Тоо машиналары.
Илимий эмгектери: 40тан ашык илимий макала, 1 автордук күбөлүк.
Окутуу сабактары: Основы применения технических средств таможенного контроля, Служба БД, Экономика дорожного движекния.
Электрондук почта: akkadyrkulov@mail.ru
Байланыш номери: 0772667798
Касымалиев Бурканбек Маматкалилович – “ТЛжТТ” кафедрасынын башчысы, доцент.
Окумуштуулук даражасы: техника илимдеринин кандидаты 05.02.18 – “Машиналардын жана механизмдердин теориясы”, 2014-ж.
Окумуштуулук наамы: ОшТУнун доценти, 2019-ж
Адистиги: Ташууларды уюштуруу жана унааны башкаруу (1996-жылы Ош технологиялык университети);
Илимий багыты: Машиналардын жана механизмдердин теориясы
Илимий эмгектери: 30дан ашык илимий макалалардын, бир окуу китебинин автору;
Окуткан сабактары: Специализированный подвижной состав, Грузовые перевозки, Грузоведение.
Электрондук почта: burkanbek@inbox.
Байланыш номери: 0771-34-78-00
Токтосунов Алмазбек Аскерович – “СГжГД” кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент. Ош технологиялык университетинин “Атайын-техникалык сабактар, эмгек жана чийүү боюнча окутуучу”адистигин аяктаган.
Илимий- методикалык иштеринин саны -23
уюл.тел. 0777 60 53 23, toktosunov-68@mail.ru)
Исманов Санжар Кудайбердиевич – кафедра башчысы, доцент, “КР дене тарбия жана спорттун отличниги”. “Волейбол” боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификат менен сыйланды. Дене тарбия дисциплинасы боюнча сабак берет.
Байланыш телефону: 0755569909.
Орозбаев Мурат Төлөнович– окуу иштери боюнча декандын орун басары, ага окутуучу. Ош технологиялык университетинин “Унаада ташууну уюштуруу жана башкаруу” адистигин аяктаган. Илимий – методикалык иштеринин саны – 11
уюл.тел. 0555043687, muratot@mail.ru).
Алибаев Канатбек Калыкович – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, магистр. Ош технологиялык университетинин “Транспорттук жана технологиялык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө” адистигин аяктаган.
Илимий- методикалык иштеринин саны – 6,
уюл.тел. 0773833831, kanatbek. alibaev@mail.ru).
Сыдыков Нурадин Асанбайевич – контракт жана сырттан окуу бөлүмү боюнча декандын орун басары, окутуучу. Ош технологиялык университетинин “Кыймыл коопсуздугун уюштуруу” адистигин аяктаган.
уюл.тел. 0777281569, sydykovnuradin@mail.ru).
Дуйшеева Нуржан Аскаровна – сырттан окуу бөлүмүнүн методисти.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин “Математика кошумча информатика жана эсептөө техникасы мугалими” адистигин аяктаган.
уюл.тел. 0772651134, sezimka2010@mail.ru).
Кедейбаева Максат Арстаналиевна – күндүзгү окуу бөлүмүнүн методисти.
Ош мамлекеттик университетинин “Математика жана информатика окутуучусу” адистигин аяктаган.
уюл.тел. 0773387058, maksa_iskana@mail.ru).
Факультеттин кыскача тарыхы
Ош технологиялык университетинин эң алгачкы факультеттеринин бири бул – «Автоунаа жана тейлөө технологиясы» факультети. Факультеттин тарыхы азыркы күндө университетте эмгектенип жаткан профессор, т.и.к., т.и.д. болгон агай эжекелер менен белгилүү.
1963 – жылдын Фрунзе политехникалык институтун Оштогу кечки факультети ачылган, ошол эле жылы 3 жылдык окууга «Автомобиль жана автомобилдер чарбасы» адистигине студенттерди кабыл алына баштаган.
1976 – жылы «Автоунаа» кафедрасы уюштурулуп, «инженер механик» адистигиндеги студенттерди жогорку билимдүү кылып даярдай баштаган. Ош шаарынын Пионер (азыркы Г. Айтиев) көчөсүндө атайын «Автоунаа» кафедрасы үчүн имарат курулуп, адистик сабактар боюнча лабораториялар, окуу кааналары окутуучулар жана студенттердин күчү менен түзүлгөн.
1979 – жылы ФПИ ОКФ «Автомобиль жана автомобилдер чарбасы» адистиги боюнча биринчи бүтүрүүчүлөр аякташкан.
1988 – жылы факультетте жаңы «Ташууну уюштуруу жана унаада башкаруу» адистиги ачылган.
1993 – жылы «Ташууну уюштуруу жана унаада башкаруу» адистиги боюнча күндүзгү окуу бөлүмүнүн биринчи бүтүрүүчүлөрү аяктаган.
2000 – жылы «Жол кыймылын уюштуруу» адистиги боюнча биринчи бүтүрүүчүлөрү аяктаган.
«Автоунаа жана тейлөө технологиясы факультети бир нече жолу ОшТУнун «эң мыкты факультети» наамын алган.
АУжТТФ заман талабына ылайык адистиктерди жылдан жылга көбөйтүп келет. Буга мисал катары «Автосервис», «Жол кыймылын уюштуруу», «Унаада ташууну уюштуруу жана башкаруу» жана «Баажы иши» кесиптерин айтсак болот.
Жогорудагы белгиленип кеткен адистиктер боюнча факультет жогорку билимдүү адистерди даярдайт. Азыркы учурга чейин көптөгөн жогорку билимдүү адистер даярдалып келүүдө. Алардын көбү Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде өз кесибинин ээси болуп эмгектенип жатышат.
Факультеттин профессордук- окутуучулук курамы өздөрунун ар түрдүү илимий багыты боюнча илим изилдөө иштери менен алектенишет. Илимий-изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, көптөгөн илимий макалалар Кыргызстандагы, КМШ жана чет өлкөлүк илимий журналдарга жарыяланган. Факультеттин окутуучулары университеттин илимий, тарбиялык жана уюштуруу иштерине активдүү катышат.
Факультеттин профессордук- окутуучулук курамы адистиктерди даярдоодо негизги басымды жаңы технологияларга, жаңы методикалык усулдарга, интерактивдик доскаларды колдонууга, лабораториялык жумуштарды виртуалдык түрдө өткөрүүгө ж.б. га аракет жасашат.
Факультеттин негизи багыттарынын бири – автоунаа адистиктигинин бүтүрүүчүлөрүнүн иштөө чөйрөсүн кеңейтүү. Ага жетишүү учун илимий-изилдөөлөрдүн натыйжасында АУжТТФ кадраларынын потециялын жогорулатуу.
Багытка даярдоо
- Багыты «Унаа процесстеринин технологиясы»
Профили:
- Кыймылды уюштуруу жана анын коопсуздугу,
- Унаада ташууну уюштуруу жана башкаруу,
- Бажы иши.
Окуу формасы жана мөөнөтү: күндүзгү (бакалавр) – 4 жыл, дистанттык -5 жыл .
Бүтүрүүчүнүн квалификациясы: бакалавр.
- Багыты «Унаа процесстеринин технологиясы»(магистратура)
Окуунун мөөнөтү жана формасы: күндүзгү – 2 жыл.
Бүтүрүүчүнүн квалификациясы: магистр.
- 670200. «Транспорттук технологиялык машиналарды жана комплекстерин эксплуатациялоо»
Профили «Автомобилди тейлөө»
«Автомобиль жана автомобилдик чарба»
Окуунун формасы: күндүзгү (дневная) – 4 жыл, дистанттык – 5 жыл
Бүтүрүүчүнүн квалификациясы: бакалавр.
- 570400. «Дизайн»
Окуунун формасы: күндүзгү– 4 жыл, дистанттык – 5 жыл
Бүтүрүүчүнүн квалификациясы: бакалавр
- Багыты «Материал таануу жана материалдардын технологиясы»
Окуунун формасы: күндүзгү – 4 жыл.
Бүтүрүүчүнүн квалификациясы: бакалавр
Факультеттеги адисттик (тайпа) боюнча студенттеринин саны
№ | Күндүзгү | № | Сырттан | ||||
Тайпа | Студенттердин саны | Тайпа | Студенттердин саны | ||||
бюджет | жалпы | ||||||
1 | ОБД-1-20 | 11 | 51 | 1 | ОБДс-1-20 | 165 | |
2 | ОПУТ-1-20 | 33 | 2 | ОПУТс-1-20 | 115 | ||
3 | ТД-1-20 | 34 | 3 | ТДс-1-20 | 49 | ||
4 | АС-1-20 | 36 | 4 | АиАХс-1-20 | 74 | ||
5 | АС-2-20 | 39 | 5 | АСс-1-20 | 136 | ||
6 | ДИЗ-1-20 | 22 | 6 | АСс-2-20 | 126 | ||
I курсу | 11 | 215 | 7 | ДИЗс-1-20 | 43 | ||
7 | ТТП-1-19 | 26 | I курсу | 708 | |||
8 | ЭТТМиК-1-19 | 18 | 8 | ТТПс-1-19 | 90 | ||
9 | Дизайн-1-19 | 15 | 9 | ДИЗс-1-19 | 16 | ||
II курсу | 59 | 10 | ЭТТМиКс-1-19 | 70 | |||
10 | ТД-18 | 14 | II курсу | 176 | |||
11 | ОБД-18 | 9 | 11 | ТТПс-1-18 | 39 | ||
12 | ЭТТМиК-18 | 8 | 12 | ТТПс-2-18 | 15 | ||
III курсу | 41 | 13 | ТТПс-3-18 | 36 | |||
13 | ТД-1-17 | 17 | 14 | ЭТТМиКс-1-18 | 23 | ||
14 | ДИЗАЙН-17 | 19 | 15 | ДИЗс-1-18 | 10 | ||
IV курсу | 36 | III курсу | 123 | ||||
16 | ТТПс-1-17 | 34 | |||||
17 | ТТПс-2-17 | 26 | |||||
18 | ТТПс-3-17 | 22 | |||||
19 | ДИЗс-1-17 | 18 | |||||
IV курсу | 100 | ||||||
20 | ТТПс-1-16 | 28 | |||||
21 | ТТПс-2-16 | 21 | |||||
22 | ТТПс-3-16 | 22 | |||||
23 | ТТПс-4-16 | 14 | |||||
24 | ДИЗс-1-16 | 22 | |||||
V курсу | 107 | ||||||
Жалпы: | 11 | 351 | Жалпы: | 1214 | |||
Жалпы факультет боюнча | 1565студ. |
Факультеттин иш чаралары
Студенттерге билим берүүдө факультеттин сабак өтүлүүчү аудиториялары, лабораториялары атайын жабдыктар менен жабдылган жана сабак өтүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Окуу процессин уюштуруу жана өткөрүү үчүн факультетке 18 каана бөлүнгөн, алардын ичинен бир каанасында 10 даана INTEL DUOL CORE LCD маркасындагы заманбап компьютерлер менен жабдылган. Калган кааналар лекциялык жана практикалык сабактар үчүн ылайыкташтырылган. Лабораториялык жана практикалык кабинеттерде керектүү макеттер, плакаттар, светофорлор, экзамендер үчүн тесттер, машиналардык тетиктери, аспаптардын комплекстери жана керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Унаа айдоону үйрөнүү үчүн атайын автотренажер орнотулган. Ошондой эле, факультеттин документтерин даярдоо, программаларды иштеп чыгуу, студентердин лабораториялык жумуштарын жана курстук иштерин даярдоо үчүн компьютерлер менен камсыздалган копьютердик класстар уюштурулган.
Эл аралык кызматташтык – ар бир билим берүү мекемелердин иш аракеттеринин артыкчылык багыттарынын бири болуп саналат. Чөйрөнү жакшыртуу жана билим сапатын жогорулатуу, студент менен окутуучунун ортосундагы маалымат алмаштырууну активдештирет.
Факультет илим-изилдөө иштерин эл аралык долбоорлор (530793-TEMPUS-1-2012-1-SE-TEMPUS-JPCR, Сredo Тempus и Mapree Tempus, Erasmus Mundus, Erasmus + и gSmart) менен иш алып барууда.
“Сredo Тempus”– европалык уюмдун программасы менен каржыланып, евросоюз рамкасында жогорку билим берүүнү модернизациялоону колдойт. Анын негизги максаты билим берүүдөгү потенциалды өнүктүрүү, изилдөөлөрдү, инновацияларды жана илимди энергиянын жаңылануу булактарында жана коргоп турган чөйрөдө колдонууда европа университеттери менен доктордук программа боюнча биргеликте иштөө болуп эсептелинет.
“Mapree Tempus” европалык уюмдун долбоору болуп еврокомиссия менен каржыланып, евро уюмдун рамкасында жогорку билим берүүнү модернизациялоону колдойт.
2015-2016-окуу жылынан тарта 530793-TEMPUS-1-2012-1-SE-TEMPUS-JPCR программалардын негизинде КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен прил.№2, лицен.№LD150000718, рег.№15|/0376 негизинде магистранттарды кабыл алууда. 2015-2017- окуу жылында №530793 Тempus Mapree эл аралык долбоордун “Курулуш” багытынын, “Калыбына келүүчү энергия булагы жана имараттардын энергоэффективдүүлүгү” профили боюнча 7 магистрантты бүтүрүп чыгарды. Азыркы убакта 2-курста 15 магистрант окуп келүүдө.
Долбоордун негизги максаты – борбордук Азия жана Россиянын катышуучу өлкөлөрүндө энергиянын жаңылануу булактарында жана энергия колдонууну азайтуу менен имараттардын энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуу жана экологиялык зыяндарды минималдаштыруу областында билим берүүнү жакшыртуу жана бекемдөө.
Бул долбоор энергиянын жаңылануу булактарында жана энергоэффективдүүлүктү жакшыртуу боюнча магистрдик программаны иштеп чыгуу, ишке ашыруу менен колдойт.
Жыл сайын ректордук, жаңы жылдык отличниктердин балы болуп өтөт. Отличник студенттер акчалай жана грамоталар менен сыйланышат. Предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү, чыгармачыл иш-аракеттердин, ар түрдүү конкурстардын жеңүүчүлөрү жана спортсмендер атайын сыйлыктар менен сыйланышат.
Факультеттин кызматкерлери төмөнкү илимий-техникалык иштерди аткарышат:
- Геоинформациялык системаларын колдонуу менен Ош шаарындагы унаа системаларындагы экологиялык коопсуздукту жана маршруттук оптималдаштыруу системаларын түзүү.
2.Уруп бурулуучу механизмдерден турган перфераторлорду түзүү жана иштеп чыгуу.
3.Ош- Сары –Таш маршруттук каттамындагы, бийик тоолуу шарттарда унаа каражаттарынын эксплуатациялык сапатына аба нымдуулугунун таасиринин математикалык көз карандылыгын иштеп чыгуу
Факультеттин илимий – изилдөө жыйынтыктары конференцияларда доклад жасоо, илимий иштерде жана илимий журналдардын басылмаларында чагылдырылган.
Окутуучулар жана студенттер ар түрдүү илимий-практикалык иштерге, симпозиумдарга, конгресстерге, семинарларга жана тегерек столдорго активдүү катышышат.
Илимий-изилдөө иштеринде студенттер окуу процессинде колдонуучу жабдууларды изилдөө менен бирге, отчет, патенттик изилдөө, рефераттары, изилдөө багытындагы иштерди аткаруу жана ошондой эле курстук, дипломдук илимий иштери менен алектенишет.
Илимий иштеринин жыйынтыгында студенттер университетте жыл сайын өтүлүүчү студенттик илимий-практикалык конференцияларга доклад даярдашат.
Ар түрдүү деңгээлдеги студенттик конкурстарда, көргөзмө иштерде жана олимпиадаларда активдүү катышышат.
Студенттердин эң мыкты иштери жыл сайын ОшТУнун “Известия” журналында чагылдырылат.
Факультеттин окутуучулары эл аралык долбоорлору боюнча илимий иштерди аткарууда, уюштуруу жана тарбия иштеринде активдүү катышат.
Тарбиялык иштер бекитилген план боюнча жүргүзүлүүдө. Факультеттин окутуучулары факультеттин группаларына куратор болушат жана ар бири өздөрү жасаган планга ылайык студенттер менен уюштуруу – тарбиялоо иштерин алып барышат.
Мыкты бүтүрүүчүлөр
Арстанбеков Чолпонбек – Ош шаарындагы патрулдук милициясынын ага инспектору;
Аман уулу Алмазбек – ОсОО “Амантранс” директору,
Сыдыков Данияр – ОшРЭТ ишканасынын начальниги,
Кулбаев Абакир – ИИМдин Ноокат райондук МАИ бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги;
Маразаков Атабек – Ош областык ИИБнүн патрулдук милициянын 3-ротасынын командири;
Арзыбаев Муса – Ош шаардык МАИ, кадрлар бөлүмүнүн башчысы;
Бектемиров Дамир – Баткен областтык бажы бөлүмүнүн башчысы.