ОшТУда транспорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, Ош технологиялык университетинде автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Бул салтанат гуманитардык-технологиялык колледжинин “Автоунаа” кафедрасы  тарабынан  уюштурулуп, ага бүтүрүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер катышты.

Окуу жайга Ош шаардык муниципалдык  автоунаа мекемесинин, Араван цемент заводунун жана “Bosch” фирмасынын өкүлдөрү келип, гуманитардык-технологиялык колледжинин автоунаа багытындагы орто билимге ээ болгусу келген студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун негизги максаты студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо үчүн жетиштүү шарттарды түзүү, мыкты кадр болуп калыптануулары үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен билим берүү болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө биздин университетти бүтүрүп, өз кесиби менен ийгиликтүү эмгектенип жатышкан бүтүрүүчүлөр – студенттерге бүгүнкү күндөгү өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалында бул багытты тандаган адистердин негизги ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Студенттер өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышып, келечекте өз кесибинин мыкты ээси болууларына максат коюп жатышкандыгын белгилешти. Биздин окуу жайды бүтүрүп кетишкен бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү күндөгү ийгиликтери үчүн университеттин жамаатынын атынан куттукташты. Ошондой эле, аларга биздин университет менен тыгыз байланышып, кадр даярдоодо көмөк көрсөтүп келе жаткандыктары үчүн ыраазылык билдирилди. Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.