ОшТУда студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош технологиялык университетинде билим алып жатышкан студенттер менен шаардагы укук коргоо кызматкерлери жолугушуу өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар турмушуна жаңыдан аралашып жаткан студенттерге өзүн-өзү алып жүрүү иштери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан жаштардын ар кандай жаман окуяларга аралашпоо, коомдук жайларда эрежелерге ылайык жүрүү, учурда жүз берип жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын-алып, аларга катышпоого аракет кылуулары керектиги айтылды. Ар кандай провакациялык көрүнүштөргө аралашпай, жакшы жүрүм-турум менен сабакты мыкты окуп, улуулардын тарбиялык акыл-насааттарын угууга чакырышты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин суроо-сунуштары айтылып, көйгөйлүү маселелер талкууланды.