ОшТУда 1-курстардын “Тушоо кесүү” аземи өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде “Технология жана жаратылышты пайдалануу”  факультетинин 1-курстары үчүн “Тушоо кесүү” аземи жана факультеттер аралык биринчи курстардын ортосунда өткөрүлгөн спартакиадада  1-орунду алган студенттерди сыйлоо кечеси болуп өттү. Иш чарага факультеттин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышып, факультеттин деканы Танаков Нурланбек Токтогулович студенттерди майрамы менен куттуктап, сыйлуу баракчаларды тапшырды.

“Тушоо кесүү” аземи чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерт менен улантылды.