ТАТЫКТУУЛАР СЫЙЛАНДЫ

19-октябрь Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнө карата, билим берүүдөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жаштарга таалим-тарбия берүүдөгү, университетибиздин өнүгүшүнө кошкон салымын эске алуу менен Ош технологиялык университетинин профсоюз комитетинин төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Мамытов Улукбек Жанышович Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды. Ошондой эле, гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Элчибеков Улукбек Сабирбекович Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишине кошкон олуттуу салымы, активдүү эмгеги үчүн, Борбордук профсоюз комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланды.