АЙЫМДАР СПОРТТО КҮЧ СЫНАШТЫ

8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун аялдар кеңешинин (женсовет) демилгеси менен кафедраларда эмгектенген эжекелердин ортосунда волейбол, аркан тартыш жана кол күрөш боюнча спорттук мелдештер болуп өтүп, жеңишти камсыздаган кафедралардын командалары сыйлыктар менен сыйланышты.