ОшТУда окуучулар арасында сынак болуп өттү

Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгына ылайык жарыяланган 2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин “Бизнес информатика жана маалыматтык экономика” кафедрасы тарабынан 9-11 класстардын окуучуларынын арасында “Коомдогу маалыматтык технологиялардын орду”,  “Санариптүү өлкө-кандай өлкө”, “Экономикадагы маалыматтык технологиялардын колдонулушу”, “Бүгүнкү күндөгү компьютердик технологиянын чеги”, “Телефон иштетүүнүн маданияты” жана “Маалымат технологиясындагы бизнес” аталышындагы темалар боюнча сынак болуп өттү. Бул сынакка окуучулардан аталган тема боюнча баяндама, дилбаян, эссе, презентация түшүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.

I даражадагы диплом :

Эсенкулова Нурай (2000с акчалай сыйлык)

II даражадагы диплом :

Ганыбаева Акзыйнат (1000с акчалай сыйлык)

III даражадагы диплом

Акылбек кызы Айпери (500с акчалай сыйлык)

Ражапова Мээримгүл (500с акчалай сыйлык)

Калган эссенин катышуучуларына сертификаттар берилди.