ОшТУда 23-февраль Ата мекенди коргоо күнү белгиленди

Бүгүн Ош технологиялык университетинде 23-февраль Ата мекенди коргоо күнүнө карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Салтанатка окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышышты. Аталган иш чара Энергетика факультети тарабынан интеллектуалдык жана маданий деңгээлди жогорулатуу, көрүүчүлөрдүн маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду.Иш чаранын жүрүшүндө “Ар бир айдын алтысы” долбоору менен куудулдар келип, күйөрмандарга тамаша, күлкү менен биргеликте жагымдуу маанай тартуулашты.Жыйынтыгында мыкты кызматы менен өзгөчөлөнгөн кесип ээлерине Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары жана ОшТУнун Ардак грамоталары тапшырылды.