ОшТУда Илим күнү белгиленди.

Бүгүн, Ош технологиялык университетинде 10-ноябрь Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө карата салтанаттуу кече өткөрүлдү. Илим күнүнө арналган иш чара ОшТУнун ректору профессор Абдыкадыр Абидовдун куттуктоо сөзү менен башталып, алдынкы кызматкерлери КР өкмөтүнүн Ош облусттук өкүлчүлүгүнүн, Ош шаарынын мэриясынын жана ОшТУнун ардак грамоталары менен сыйланышты. Иш чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышышып, жыйында пленардык илимий докладдар окулуп, ОшТУнун маданий эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.