ОшТУда «Экономика жана башкаруу факультетинин күнү» белгиленди

Бүгүн, 29-ноябрь күнү «Экономика жана башкаруу факультетинин күнүн» белгилөө мааракеси болуп өттү. Салтанаттуу иш чара Ош технологиялык университетинин ректору профессор Абдыкадыр Абидовдун куттуктоо сөзү менен башталып, келген коноктор куттуктоолорун айтышты. Майрамдык салтанатка окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Иш чара концерттик программа менен коштолуп, келген конокторго майрамдык маанай тартууланды.