Энергетика факультетинин алгачкы тарыхы 1963-жылы Ош шаарында Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу кечки факультети ачылгандан башталып, 1976-жылы «Жалпы илимдер» кафедрасында «Өндүрүштү, шаарларды жана айыл чарбасын электр менен жабдуу» адистиги ачылган ал убакта 1-курстан 3-курска чейинки студенттерди жалпы техникалык даярдоо жүргүзүлүп, калган 4-5-курстарды Фрунзедеги (Бишкектеги) политехникалык институтун аяктаган.
1991-жылы азыркы ОшТУда мурдагы (Ош жогорку технологиялык колледжде) «Айыл чарбаны электрлештирүү жана автоматташтыруу» кафедрасы уюштурулуп, кафедранын башчысы болуп т.и.к., доцент Уметалиева А.У. дайындалган.
1993-жылы кафедранын башчысы болуп т.и.к., доцент Тешебаев А.Т. дайындалган жана 1995-жылдан баштап күндүзгү, кечки жана сырттан окутуу түрлөрүндө «Электр менен жабдуу», «Электроэнергетикалык системалар жана тармактар», «Релелик коргоо жана автоматика», «Электр станциялары», «Адаттан тышкары энергетиканын булактары» адистиктери ачылган.
2000-жылы «Энергетика жана жаны энерготехнологиялар» факультети түзүлүп, курамында 3 кафедрадан турган, алар төмөнкүлөр:
- Электроэнергетика кафедра башчысы болуп т.и.к., доцент Токоев М.П.;
- Адаттан тышкаркы энергия булактары жана айыл чарбасын электрлештирүү кафедра башчысы болуп т.и.к., доцент Айдарбеков З.Ш.;
- «ТОЭ и ОЭ» кафедра башчысы болуп ага окутуучу Тажибаев К.Т. дайындалган;
2007-жылы Энергетика жана жаңы энерготехнологиялар факультети Энергетика факультети болуп өзгөртүлгөн.
Факультетте 2000-2005-жылдары т.и.к., доцент Тешебаев А.Т., 2005-2006-жылдары т.и.к., доцент Кукчаев М.М., 2006-2008-жылдары т.и.к., доцент Айдарбеков З.Ш., 2008-2013-жылдары т.и.к., доцент Тешебаев А.Т. декандык кызматты өтөп келишкен.
2014-жылдан баштап бүгүнкү күндө энергетика факультетинин деканы болуп т.и.к., ОшТУнун профессору Токоев М.П. иштеп келүүдө.
Факультеттин иш алып баруусу
Факультеттин негизги максаты жогорку квалификациялуу бакалавр жана магистрлерди даярдоо, ошондой эле, аларга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүү. Факультеттин курамында: 2 профессор, 15 илимдин кандидаттары, доценттер, 5 ага окутуучу, 3 окутуучу жана 6 окутууга көмөкчү кызматкерлер бар. Окутууга 20 дан ашуун окуу лабораториялары, компьютердик класстар, окуу лабораториялык полигон, 1 илимий лаборатория, дипломдук жана курстук долбоорлоо кааналары жана окуу лабораториялары бар. Алар заманбап техникалар менен жабдылган.
Факультетте ГАНИС ошондой эле, эл аралык TEMPUS-GEM проекти боюнча илимий иштер алып барылууда. Ошондой эле, факультетте «Электрогазосваршик» и «Электр монтёру» аттуу 3 айлык курстар иштейт.
Факультет эки баскычтуу билим берүү системанын негизинде иш алып барат – бакалавриат жана магистратура. Бакалавриатты бүткөндөр үчүн магистратурада окууну улантууга болот.
Факультеттеги даярдалуучу адистиктер (багыттар)
“Электроэнергетика жана электро техника” багыты, профилдери:
- электр менен жабдуу (ЭС)-бакалавр, магистр;
- электроэнергетикалык тармактар жана тору (ЭСиС)- бакалавр, магистр;
- электроэнергетикалык тармактарды реле аркылуу коргоо жана автоматташтыруу (РЗиА)-бакалавр;
- энергосистемасында энергияны үнөмдөө.(ЭЭвЭС) – бакалавр;
- энергиянын альтернативдүү булактары;
- өндүрүштүк менеджмент (ЭЭ менеджменти)-бакалавр.
“Агроинженерия” багыты, профили:
- Электр жабдыктары жана электр технологиялары (ЭОиЭТ) – бакалавр, магистр.
“Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы” багыты, профили:
- жылуулук электр станциясы (ТЭС)-бакалавр.
“Метрология сертификация жана стандартташтыруу” багыты, профили:
- өндүрүшжанаазык түлүктөрдү стандартташтыруу жана сертификациялоо;
“Курулуш” багыты, профили:
- жылуулук-газ менен камсыздоо жана желдетүү.
Факультеттин жетекчиси жана кызматкерлери
Факультеттин деканы Токоев Маматомур Пирматович, техника илимдеринин кандидаты, ОшТУнун профессору.
Байланыш телефону: 0(773) 90 18 09 жумушчу тел:03222-4-32-16
tokoev1965@mail.ru
Декандын окуу иштери боюнча орун басары
Турдуев Ильяз Эрмекович техника илимдеринин кандидаты, доцент.
Байланыш телефону: 0555 989386 жумушчу телефон: (03222) 4 36 12
E-mail ilyaz_turduev@mail.ru
Рахимов Дилмурод Марипжанович – Декандын тарбиялык иштери боюнча орун басары
Байланыш телефону: 0(773) 15 83 15
Факультеттин методисти Мырзалиева Нуржамал Сарытаевна.
Жумушчу телефону: (03222) 4 36 12 Байланыш телефону: 0772 828250
Е-mail: nurka73@mail.ru
Факультеттин методисти Каримова Нурзида Абдыкадыровна.
Байланыш телефону: (0557)020 429 Жумушчу телефону: (03222) 4 36 12
Е-mail: nurzidaai@mail.ru
Факультеттин диспетчери Сардарбек кызы Мунаракан.
Байланыш телефону: 0(702) 92 04 55
Жумушчу телефону: (03222) 4 36 12
Е-mail: aiturgan2305@icloud.com
Факультеттин курамы
Азыркы учурда факультетке караштуу 3 кафедра иш алып барууда, алар:
- «Электр жабдыктары жана жылуулук энергетикасы» кафедрасы, кафедра башчысынын м.а. т.и.к., доцент Абдылдаев Р.Н.
- «Электроэнергетика» кафедрасы, кафедра башчысы т.и.к., доцент Мурзакулов Н.
- «Электр менен жабдуу» кафедрасы, кафедра башчысы т.и.к., доцент Ташиев Н.М.
Факультеттин мыкты бүтүрүүчүлөрү
Садыков Нурлан Матмусаевич, 2001-ж. энергетика факультетин бүтүргөн, Кыргыз улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысынын орун басары;
Сулайманов Алтынбек, 1999-ж. энергетика факультетин бүтүргөн, Электр станциялары ААКнун башкы директорунун орун басары;
Артыков Асилбек Авазбекович, 1998-ж. энергетика факультетин бүтүргөн, Ошэлектро ААКнун башкы директорунун орун басары;
Жалилов Атакул Абдимиталипович, 2002-ж. энергетика факультетин бүтүргөн, “Ош-пирим” телерадио компаниясынын аткаруучу директору;
Турдуев Ильяз Эрмекович, 2000-ж. энергетика факультетин бүтүргөн, т.и.к.,доцент, Ош шаарынын шаардык кеңешинин депутаты.