Ош технологиялык университетинде кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин компьютердик лингвистика кафедрасы тарабынан студенттерди жумуш орун менен камсыз кылуу максатында иш-берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууну окуу иштери боюнча проректор Мамытов Улукбек Жанышович ачып, келген конокторго ыраазычылык айтып, аларды университет менен тыгыз иш алып барууга чакырды.
Компьютердик лингвистик кафедрасынын башчысы Шерматова Айжаңыл Митаевна кафедрада даярдап жаткан адистиктер боюнча, студенттер, УМКлар жөнүндө, окуу жайдагы түзүлгөн шарттар, келечектеги коюлган пландар, алардын аткарылышы тууралуу маалыматтарды берди.
Иш-чарада компьютердик лингвистика жана лингвистика багыттары боюнча жумушчу окуу пландары талкууланып, сунуш, ой-пикирлер айтылды.
Иш берүүчүлөр учурдагы өздөрүнүн талаптарын айтышып, адистикти даярдоодо окуу жай тарабынан камсыздала турган процесстерге заман талабына ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштарын айтышты. Ал сунуштар теориялык алган билимдерди практикада чыңдоого көбүрөөк көңүл буруп, студенттерди мүмкүн болсо өндүрүштүн өзүндө сабактарды өтүүгө чакырышты.