Ош технологиялык университетинде буга чейин бизнес-инкубатор ачылып, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери үчүн эки багытта иш жүргүзүп келген. Бүгүн 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык бардык жогорку окуу жайларында бизнес-инкубатордун ачылыш аземи болуп өттү. Кыргыз мамлекетиндеги жогорку окуу жайларынын жамаатын бириктирген онлайн жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы А. Жапаров, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А. Бейшеналиев жана бардык жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышышты. Бизнес-инкубатор студенттердин, магистранттардын, жаш илимпоздордун жана окутуучулардын жаңы баштаган бизнес идеяларын, стартаптарын жана инновациялык долбоорлорун андан ары жогорулатуу жана өнүктүрүү үчүн түзүлдү. Биздин окуу жай буга чейин эки багытта бизнес-инкубатордо иш жүргүзүп келген болсо, бүгүндөн баштап дагы бир нече багыттар боюнча иш жүргүзүү үчүн долбоорлорду кабыл алды. Стартаптарды түзүү боюнча студенттер үчүн окуу уюштурулуп, окуу курсуна кабыл алынып, окуу курстары башталуу алдында турат. Окууну бизнес-инкубатордо атайын билими бар тренерлер окутушат жана окуудан ийгиликтүү өткөн студенттер өздөрүнүн бизнес план, бизнес долбоорун түзүп “Стартап Кыргызстан” сынагына катышып, ар бир долбоор үчүн акча каражатын утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
ОшТУда профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин ортосундагы спартакиада башталды
Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин, институттар жана структуралык бөлүмдөр ортосунда аялдар жана эркектер арасында спартакиада башталды. Спорттук мелдешти...