Кафедранын тарыхы
1976-жылы кафедрада “Ѳндүрүштүк мекемелерди, шаарларды жана айыл чарбасын электр менен жабдуу” адистиги ачылган.
1988- жылы толук программада “инженер-электрик” адистиги боюнча студенттерди кечки формада окутуу уюштурулган.
1991-жылы “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу” кафедрасы түзүлүп, кафедранын башчылыгына т.и.к., доц. Уметалиева.А.У. дайындалган. Ошол эле жылы “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу” адистигине күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмү уюштурулуп, окутула баштаган.
1991-жылы Ош кечки факультети Ош жогорку технологиялык колледжи деп аталып жана окутуунун бардык формасы менен адистиктерди толук программа дадаярдоо башталган.
1993-жылы кафедранын башчылыгына т.и.к., доцент Тешебаев А.Т. дайындалып, окуу-тарбиялык иштерде жана материалдык базаны кеңейтүүдө “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу” кафедранын ишмердүүлүгүн күчөткөн.
Биринчи жолу 1994-жылы “Өндүрүштүк мекемелерди, шаарларды жана айыл чарбасын электрдик жабдуу” адистиги боюнча кечки окуу формасын бүтүп чыгышты.
1995-жылы кафедранын кесипчилик номенклатурасы көбөйүп, “Электрдиккамсыздоо” адистиги (тармактар боюнча) боюнча күндүзгү, кечки жана сырттан окутуунун бөлүмдөрү ачылган, ал эми 1997-жылы “Электроэнергетикалык системалары жана тармактары “ адистиги боюнча күндүзгү жана сырттан окутуулар жүргүзүлгөн.
1996-жылы “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу” кафедрасы “Электрлештирүү жана автоматташтыруу” болуп аталган.
1998-жылы “ Электрлештирүү жана автоматташтыруу” кафедрасы “Электрэнергетика “ болупаталды.
1998-1999 жылдары кафедрага караштуу лабораторияга“Ош ТУнун эңжакшы лабораториясы” номинациясы берилген.
2000- жылы “Электрдик камсыздоо“ тармактарбоюнча адистигин окуунун күндүзгү формасында аякташты.
2000- жылы “Энергетика жана жаңы энерготехнология” факультети түзүлгөндүгүнө байланыштуу “Электроэнергетика” кафедрасы 3 кафедрага бөлүндү:
- Электроэнергетика;
- Адаттан сырткары энергия булактары жана айыл чарбасын электрлештирүү;
- Электротехниканын теориялык негиздери жана жалпы электротехника.
2001-жылы жаңы “Электроэнергетикалык системалары жана тармактары” адистиги боюнча күндүзгү, кечки жана сырттан окутуунун бөлүмдөрүндө алгачкы инженер- электрик адистиктери даярдалды.
2003- жылдын август айынан баштап “Электроэнергетика” кафедрасы “Электр менен камсыздоо“ жана “Электроэнергетика” кафедраларга бөлүнүп “Электр энергетика системалары жана тармактары” жана “Электр механикасы” тармактар боюнча адистиктери боюнча инженерлерди даярдап чыгара баштады.
2022-жылдын 29-апрелинде «Электроэнергетика» кафедрасы «Электр станциялары, тармактары жана торлору» деп өзгөртүлгөн.
2009-жылдан “Электроэнергетика” кафедрасын т.и.к., доцент М.М.Кукчаев жетектеген, ал эми 2014- жылдын апрель айынан баштап профессор А.Т.Тешебаев жетектеген, 2019-жылдын декабрь айынан баштап т.и.к.,профессор Н.А. Мурзакулов жетектеген, 2022- жылдын март айынан баштап э.и.к., доцент М.С.Элчиева жетектеген, 2022- жылдын сентябрь айынан баштап профессор А.Т.Тешебаев жетектеген.
2022-жылдын 16-мартынан баштап кафедраны э.и.к., доцент М.С.Элчиева жетектеп келет.
Азыркы убакта кафедрада 4 илимдин кандидаты, 2 профессор, 5 доцент,1 ага окутуучу жана 2 окуу усулуна жардамчы кызматкерлер эмгектенет.
Кафедрада жалпысынан 205 студет бар, анын ичинен 42 студент күндүзгү окуу бөлүмүндө, ал эми 163 студент дистанциялык түрдѳ билим алышууда. Андан сырткары кафедрада 20 магистрант билим алып жатышат (анын ичинен биринчи курста 11, экинчи курста 9).
Кафедрада даярдалуучу адистиктер
Азыркы учурда «Электроэнергетика» кафедрасы 640200 «Электроэнергетика жана электротехника» багытындагы бакалаврларды жана
- «Электроэнергетикалык системалар жана тармактар»;
- «Электроэнергетикалык системалардагы релелик коргоо жана автоматташтыруу»;
- «Электр станциялары».
- «Электроэнергетикалык системалар жана тармактар» профилиндеги
магистрлерди даярдайт
Кафедранын илимий багыты
«Электр станциялары, тармактары жана торлору» кафедрасы «Энергия будущего» проектиси боюнча «Адаттан сырткаркы кайра кайталанып туруучу энергиянын булактары» темасында илимий иш алып барууда. Илимий иштин жетекчиси т.и.к.,профессор Мурзакулов Н.А. Аткаруучулар, доценттер:, Элчиева М.С., Карыбекова Б.К., Акматов Б.Ж., ага окутуучу Ысламов М.М., лаборант Базарбай уулу Ж.
Кафедранын материалдык-техникалык базасы
- Лекциялык аудитория 3/102;
- «Станциялардын жана подстанциялардын электрдик бөлүгү» лабораториясы 3/321;
- «Электротехниканын теориялык негизи» лабораториясы 3/203;
- «Электротехникалык материалдар жана электр тармактарынын изоляциясы» лабораториясы 3/117;
- «Релелик коргоо жана автоматика» лабораториясы 3/117а;
- «Электр станциялары, тармактары жана торлору» кафедрасы 3/106;
Кафедранын жетекчиси жѳнүндѳ маалымат
Элчиева Малика Сайталиевна-кафедра башчысынын милдетин аткаруучу э.и.к., доцент 0(772) 36 83 56 elchieva@mail.ru
Мурзакулов Нуркул Абдилазизович-т.и.к., ОшТУнун профессору
0(777) 42 38 83 nurkul_72@ mail.ru
Тешебаев Абдыкапар- т.и.к., ОшТУнун профессору
0(773) 58-53-57 teshebaev-a@list.ru
Акматов Баатыр Жороевич- т.и.к., доцент
0(779) 72 88 60 baatir0201@ramble.ru
Карыбекова Бермет Кенжекуловна-магистр, ОшТУнун доценти.
0(777) 34 05 09 karybekovab@mail.ru
Ысламов Мухаммадсадык Махаматражапович-ага окутуучу
0(776) 31 97 94 muhammadsadykyslamov@gmail.com
Карабаев Примберди Калыбаевич-кафедранын инженери
0(772) 10 02 03 pirimkarabaev@gmail.com
Базарбай уулу Жолдубай–кафедранын лаборанты
0(777) 79 90 07 joldubaibazarbai@gmail.com
- НББП
- Программанын максаты
- Иш план
- Мобилдүүлүк боюнча материалдар
- Окутуунун жыйынтыгы
- Бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат
- Практика боюнча маалыматтар
- Келишимдер
- Абитуриенттер боюнча маалымат
- Иш берүүчүлор менен кызматташтык
- Ата-энелер боюнча маалымат
- Окуу план
- Материалдык-техникалык база
- Илимий-изилдөө иштери
- Окуу-усулдук колдонмо
- Тарбиялык иштер боюнча маалымат
- Башка ЖОЖдор менен кызматташтык
- Эл аралык жана республикалык долбоорлор
- Кафедранын жетишкендиктери боюнча маалымат